Ишен Назаров: “Апама ырдап берип ыйлаткам…”

— Негизи, апам үчүн өтө деле эч нерсе кылган эмесмин. Бир гана “Апакем” деген ырымды апакеме арнап жаздыргам. Бул ырды жаздырып    жатканда апамды элестете албай абдан кыйналгам. Ошентип образга кирбей эле ыр жаралып калган. Качан ыр жазылып бүткөндө унаамда
кетип бара жатып ээрчип ырдасам, ошондо гана апамды элестетип, көзүмөн жаш айланып башкача аткарып жатпаймынбы. Бирок ыр биринчи жазылган бойдон калган. Былтыр инимдин үйлөнүү тоюнда апамды сахнага жетелип чыгып, кучактап алып ырдап бергем. Апам мени  алып ыйлаган.

Айгерим ТОКТОБАЙ кызы

БУЛАК: Леди.кж

Аргумент.kg
Жооп калтыруу