Ишенбай Кадырбеков: «Комиссия өтө шашылыштык кылып, күмөн жаратып койду»

Коомдук ишмер, Ишенбай Кадырбеков: «Комиссия өтө шашылыштык кылып, күмөн жаратып койду», деп «Ачык саясат» гезитине маек курду.

—Ишенбай мырза, парламент мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кол тийбестик макамынан ажыратты. Сиздин көз-карашыңыз?

—Болор иш болду. Эми иш канчалык адилеттүү болот, бул жагы тергөө ишине байланыштуу. Эгерде, иш сотко жетип, соттон жаңылыштык кетсе анда абал оор болуп калат. Атамбаев дагы өзүн таза экенин айтып жатат. Ал дагы колунан келишинче өз далилдерин айтып чыгышы керек.
—Депутаттык комиссия чукул аранын ичинде чечим чыгарып койду да. Бул жагынан туура эле болду дейсизби?

—Кептин баары ушунда болуп жатат да. Бул өтө орчундуу маселе болуп, каникулга кетиши керек болуп жатса, сентябрда деле комиссия түзүп караса болот эле да. Артынан жөө кубалап же Атамбаев деле бир жакка качып кетейин деген жок го. Депутаттар эл өкүлү болгондон кийин каалагандай калчабай каникул учурунда шайлоочулар менен акылдашып, алардын сөзүн да укса дурус болмок. Комиссия өтө шашылыштык кылып, күмөн жаратып койду. Булар бир сантиметр болсо да мыйзам чегинен чыкпашы керек эле.

—Алмазбек Атамбаевдин аракетин кандай деп жатасыз?

—Ал киши дагы кызуу кандуулукка алдырып жатат. Депутаттар шек бар деп ага доомат артта жатабы, демек бул киши дагы өз чындыгын, аргументтерин айтып, юридикалык документтерин алып чыгышы керек. Азыр Атамбаевде бардык мүмкүнчүлүктөр бар. Эгерде элди, Кыргызстандын кызыкчылыгын ойлоп ушул жол менен барса, жакшы жыйынтык кажетет. Кийинки жылы парламенттик шайлоо болот. Ошол учурда эл ким кандай экенин билип калат. Мына көпчүлүк саясатчылар элге ишенбей жатабыз да. Эл тамырчы, баарын карап турат. Азыр Атамбаев өзү болбосо дагы тегерегиндегилер юридикалык негиздер менен сүйлөгөндөй болушу керек.

Баян Көлбаева

БУЛАК: Ачык саясат

Аргумент.kg
Жооп калтыруу