Ич кийимчен ырдап чыккан жаш ырчыны өлтүрүп кетем деп коркутуп жатышат

Талкууга алынган Зере Асылбек кызына коркутуулар болуп жатат. Бул тууралуу жаш ырчы өзүнүн фейсбук баракчасына жарыя кылды.

Белгисиз бирөөлөр ырчыга Bespredel_kg аккаунтунан жана башка аккаунттардан коркутууларды жөнөтүп жатышат.

Бири «сенин башыңды кесип кетем» деп коркутса, экинчиси Зеренин клипине болгон терс көз караштарын жазып Зеренин «Кыз» деген клипин өчүрүп салуусун талап кылышууда.

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу