ИЧКИ ИШТЕР МИНИСТРЛИГИНИН КЫЗМАТКЕРИ ПАРА МЕНЕН КАРМАЛДЫ

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынан билдиришкендей, Бишкектин ички иштер башкармалыгынын кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды.

Маалым болгондой, куралды алып жүрүү үчүн документтерди берип,  8 миң сом алып жаткан жеринен колго түштү.

Буга чейин ал 100 доллар жана 1 миң сомду алган.

Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүүдө.

Булак:Каганат

Аргумент.kg
Жооп калтыруу