Ички душмандардын анабашчысы экс-президентпи? 

Эсил кайран “экстер”!

Буга айрымдар канчалык ишенгиси келбесин, бирок чындык ушундай экени анык болуп калды…

Эсибизде, буга чейин белгилүү жарандык активист Эдил Байсалов Кыргызстандын ичинде аракеттеги президенттин ички душмандары жетишерлик экенин айтып, алардын көздөгөндөрү кошуна Кытай менен болгон мамилени бузуу экенин эскертип айтып жүргөн эле. Көрсө, Эдил мырза чын эле айтыптыр. Ал айткан ички душмандар бар экен. Алардын анабашында экс-президент Алмаз Атамбаев турарын 7-январда Ала-Тоо аянтында күтүүсүз уюштурулган митинг көрсөттү.

Экс-президент өзүнүн кутум, арам максаттарына жетмейинче жаны жай албайт окшобойбу. Ал мамлекеттин бүтүндүгү, элдин биримдиги, өлкөдөгү тынчтыкты уруп ойнобойт тура. Энесинин арбагын сыйлабаган адамдан баарын күтсө болот турбайбы… Буга дейре социалдык тармактарга өзүнүн “жалданма” фейк колдонуучулары аркылуу Кытай маселесин козгоп, коомчулукту дүрбөлөңгө салуу менен кытайларды кыргыздарга каршы тукуруу кампаниясын жүргүзүп келсе, эми элди көчөгө алып чыгып ызы-чуу, башаламандык уюштурууну көздөдү.

Экс-президент митингдин артында өзү турганын канчалык  жаап-жашырууга  аракет кылбасын, бирок анын “кулагы” оркоюп эле көрүнүп калды. Митингде ошол эле Атамбаевдин “жоокери” Мээрбек Мискенбаев, жансакчысы Дамир Мусакеев ж.б. “Форумду” байырлагандар жүрүштү.

Көрүнбөгөнгө, байкалбаганга аракет кылышты, бирок митингди уюштургандар, провокаторлук аракеттерди жасап жаткандар ошолор экендиги көрүнүп эле турду. Ал гана эмес, митингге катышып, айгай салышып, чагымчыл аракеттерди жасап жаткандардын арасында акыркы учурларда “Форумдун” “заказдарын” аткарууга адистешип алышкан айтылуу “ОБОНчулар” да жүрүштү. Айтор, экс-президенттин акчасына жалдангандар “заказды” аткарышып, болушунча бүгүнкү бийликти каралоого, элге мокочо көрсөтүүгө, кытайларды кыргыздарга каршы тукурууга жакшы эле жан үрөштү. Алган акчаларын акташы керек да…

Жашыруун эмес, акыркы убактарда Фарид Ниязов башында турган Атамбаевчилер, “Форумда” отургандар ыңгайы келген учурду колдон чыгарбай, аны өздөрүнүн куйтум максаттарына пайдаланып келишүүдө. Атүгүл акыркы кездери социалдык тармактарда кызуу талкууга алынган “Түкүрүк” темасын саясатташтыруу да “Форумда” отургандардын “эмгектери” экени айкын болуп олтурат. Ошол эле Жогорку Кеңештин короосуна түкүрүп, кырдаалды  курчутууну көздөгөн Рамис Закирияев Атамбаевдин жансакчысы Дамир Мусакеевдин бир тууган жээни экени маалым болду. Ушундан эле экс-президент арам ойлорун ишке ашыруу үчүн кандай “балит технологияларга” барып жатканын аңдоо кыйын эмес.

Суроо туулат, экс-президент качан “эси барда этегин жабат”? От менен ойноп жатканын качат туят? Качан экс-президент макамынан ажыратылып, бийликте турганда кылган мыйзамсыз, коррупциялык иштери үчүн сурак болгондобу?

Автандил Белеков

Булак: “Майдан. kg” гезити

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу