Ит үрө берет, кербен жүрө берет… “Апрель” телеканалы “кара көз айнегин” качан чечет?…

Айрым адамдар, мамлекеттик бийликтин ар бир кадамынан кемчилик табуу менен күн кечирип калды. Албетте, эгер сын жүйөлүү болсо аны моюнга алган туура. Бирок, жөнү жок эле “ жумурткадан кыр издей” берүү, эч кимге аброй алып келбеси да белгилүү Атамбаевдин “акырынан жем жеген” “Апрель” телеканалы Россия федерациясынын президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга болгон расмий иш сапарына да “сүйкөнүп”, “ кылдан кыйкым табуу” үчүн абдан эле жан үрөдү. Аталган телеканалдын жаңы ковролиндерге, резиденцияда тигилген чатырларга жана интернеттин сапатына басым жасап атайын сюжет даярдаганына караганда, “расмий иш сапар абдан эле жогорку деңгээлде өттү” — деп айтууга толук негиз бар. Анткени, “Апрелчи” журналист болумуштар, олуттуу ката көрүп калса, аны көбүртүп-жабыртып атайын “шөкөттөп” бир жума бою бийликке “киндиктен ылдый” сокку урмак. Анын үстүнө, атына – заты жарашкан Дмитрий Ложников оозу менен бирди сүйлөп, иш жүзүндө теңирден тескери иш кылган кокуйлардын бир экени коомчулукка маалым. Димитрий мырза : “мен үчүн Кыргызстандын тагдыры, азыркы жана экс президенттин мамилелеринен өйдө турат” – деп ооз учунан айтканы менен чындап келгенде өлкө үчүн “чыпалагы деле күйбөсүн” иши менен далилдеп келет. Ошондуктан, Кыргызстан үчүн өтө маанилүү болгон иш сапардан да кемчилик издеп кырчаңгылыгын карматып отурат. Болбосо, Россия Дмитирий күнү түнүн айга күнгө теңеп мактап жаткан Атамбаевдин убагынан бери эле Кыргызстандын эң негизги стратегиялык өнөктөшү эмес беле? Анда эмнеге расмий иш сапардын пайдалуу тенденциялары жөнүндө “Апрелчилер” үн катпайт? Россия менен Кыргызстандын достук жана кызматташтык мамилесине Атамбаевдин да салымы зор экенин айта кетүү абзел. Анда эмнеге ошол эле мамилелерди жаңы баскычка көтөрүүгө жетишкен президент Сооронбай Жээнбековдун иш аракеттери “Апрель” телеканалына жакпай жатат? Дмитрий Ложников жана анын кабарчылары, жакшылыкты, саамалыкты, жетишкендикти эмес, жалаң жамандыкты көрсөткөн “кара көз айнектерин” качан “чечет”? Бир чети, Атамбаевдин “бакма журналисттерин” да туура түшүнсө болот. Бирок, кандай болгон күндө да адамда “абийир” – деген болуш керек. Анткени мамлекеттик тагдырынан Атамбаевдин тагдыры эч убакта өйдө турбасын “апрелчилер” түшүнүшү керек эле. Түшүнбөсө деле андан эч кимдин “кылы кыйшайып” калбайт. Болгону алардын мындай жоругу “ ит үрө берет, кербен жүрө берет” деген макалды эске салат.

 

Конец переписки Введите сообщение…

Аргумент.kg
Жооп калтыруу