Исхак Пирматов качканы калдыбы?

Фейсбуктагы айрым баракчаларда коррупцияга байланышкан кызык маалыматтар чыгып турат. Ошолордун биринде (күч органдарына таандык болсо керек), «Бир Бол» фракциясынан ЖК депутаты Исхак Пирматов байлыктарын башка адамдардын аттарына жымырганы, активдерин чет өлкөгө чыгарып бүткөнү жазылганы кандай? Ал жерде белгиленгендей, жакында өзү да тымызын түрдө качып кете турганы каңкууланат. Эгерде Пирматов качып кетсе, буга чейин коррупцияга шектелип келген суроолор ачык бойдон калабы? Бийликтин аброю кантет? Суроолор көп. Баса, мурдатан коррупцияга айыпталган бир катар чиновниктер безип кетишкен. Бирок, «уурунун көчүгү кууш» дегендей, алардын кармалганы кармалып, колго илинбегени тирүүнүн өлүгүнө айлангандай жортуп жүрүшкөнү белгилүү. Мына ушундайлар уурдагандарын моюндарына алышып, жеген акчаларын кусуу менен Кудайга тобо келтиришсе күнөөлөрү азаят беле?.. Сөздү улай төмөндөгү макала Фейсбуктун Трибуна баракчасына чыккан маалым экен. Окурмандарга сунуштап коёлу. Кызыгы, Исхак мырза өткөн чактагы «ишмердиктери» боюнча эмнеге жооп бербей кайпактап жүрөт?..

Ибраимов менен Пирматовдун мунай бизнеси тууралуу Уланбек Эгизбаевдин иликтөөсүнө качан көңүл бурулат?

Жаштыгына карабай кыргыз журналистикасына опол тоодой салым кошуп кеткен маркум Улан Эгизбаев убагында көптөгөн көпөс саясатчылар үчүн тамагына сайылган кылкан сыяктуу эле. Ал өмүрүнун акыркы убактарында бир топ саясатчылардын мыйзамсыз иш-аракеттери, элден жаап-жашырган көмүскө иштери тууралуу журналисттик иликтөөлөрдү жасады. Ошол иликтөөлөрү анын өмүрүнүн жаштайынан өчүп калышына да себепкер болуп калгансыды. Ошондой иликтөөлөрүнүн бири Бишкек шаарынын экс-мэри Албек Ибраимов менен Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Пирматовдун өмүрлүк жарларынын мунай бизнесине байланыштуу эле. Анда аттары аталган эки үлкөн көпөс саясатчылардын өмүрлүк жарлары «Манас» эл аралык аэропортуна күйүүчү майларды ташый турганы тууралуу болгон.

ТМ ОRLAN& GROUР компаниясы юстиция министрлигинде алгач 2004-жылы катталган. Компания ээси катары Темирлан Берюев аттуу жаран көрсөтүлгөн. Андан кийин бул компания 7 ай ичинде эки башка адамга кайрадан катталган. Ошентип отуруп, бул ишкана 2015-жылдын 14-июлунан тарта экс-мэр Албек Ибраимовдун жубайы Айнура Ибраимова жана депутат Исхак Пирматовдун өмүрлүк жары Ольга Атогурованын колуна өткөн.

Айнура Ибраимова маалымат булактарынын бирине ТМ ОRLAN& GROUР компаниясын И.Пирматовдун жубайы менен биргеликте иштете турганын тастыктаган. Бирок, компания мунай ташуу үчүн эмес, ат спортун өнүктүрүү үчүн түзүлгөнүн билдирген эле. Бирок, маркум журналист Улан Эгизбаев экс-мэрдин аялы айткан ат спортун өнүктүрүүчү комплексти ит менен да издеп таба алышпай койгонун билдирген эле.

Анан дагы ал иликтөөдө Петровкадан чыккан бензин ташыган унаалардын айрымдары заправкаларды көздөй бет алганы, айрымдары түз эле «Манас» эл аралык аэропортун көздөй багыт алганы видеоматериал менен тастыкталган. Ал эми И.Пирматовдун өзүнө байланышка чыгып, бул сырдуу компания тууралуу маалымат алалы дешсе, депутат мырза дээрлик үч күн бою ден соолугун шылтоолоп жооп берүүдөн качкан. Анан акыркы телефондогу байланышуусунда: «Койчу, койчу эй иним, делай что хочешь, билгениңди кылчы, ладно, билгениңди кылчы» деп жооп берген.

Эгер бул компания чындап эле ат спортун өнүктүрүү максатында иш алып барып жаткан болсо, анда Исхак Пирматов неге жооп берүүдөн качат эле? Деги эле эмнеге ал компания тууралуу жооп берүүдөн качты? Демек, анда кандайдыр бир мыйзам бузган жагдай бар болуп атабы? Бул иликтөөнүн жасалганына көп убакыт болуп калды. Бирок, эмнегедир ал тууралуу тиешелүү укук коргоо органдары иш-аракет жасагандары байкалбайт. Же Пирматов мырза адатынча суудан кургак чыгуунун амалдарын колдонуп атабы? Коомчулук бул жагдай боюнча тиешелүү укук коргоо органдарынан жооп күтүүдө. Жакынкы күндөрү жооп болуп калаар…

Кайсар Жакыпалиев

Булак: «Азия ньюс»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу