Исхак Масалиев, “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынан ЖК депутаты: “Төрага Дастан Жумабековду тергөө органдары суракка алыш керек”

 — Экс-президент Атамбаевдин алты жылдык бийлигинин учурунда узурпация элементтери байкалды беле жана алар кайсылар дейсиз?

— Мен үчүн байкалды. ТЭЦти реаблитация кылуу боюнча ал Аппарат менен кошо түздөн-түз проектилик иштерге аралашкан. Бул негизи аткаруу бийлигинин (Өкмөттүн) милдети. Ошондуктан, мунусу узурпацияга, кийлигишкендикке кирет. Экинчиден, Коррупция менен күрөш кызматын (АКС) атайын Жарлыгы менен түздү. Ал мыйзамга дал келбейт. Себеби, ал мамлекеттик органдарды ал түзө албайт. Ал бир гана өзүнө тийиштүү органдардын ичиндеги структурасын бекитсе, башка кеп. Ал эми тергөө органдарын түзгөнү мыйзамсыз болгонун мен ошондо эле айткам. Аны кийин болсо да мыйзам менен тактап койсок жакшы болмок. Азырга чейин ошол Жарлыктын негизинде иштеп келатат.

— А эмнеге узурпация боюнча айып 9 пунткта кирген жок?

— “Узурпациянын белгиси бар” деп мен айтып жатам. Мен комиссиянын мүчөсү эмесмин. Бирок, узурпация деген кылмышты такташ өтө оор. Ошондуктан, бүгүнкү күндө бакыйып көрүнүп турган кылмыштын аракеттеринде айтылып жатат. Ал эми тергөө болгондо балким узурпация кошулуп кетиши мүмкүн, дагы башка айыптар кошулуп, же алынып, азайышы мүмкүн. Муну тергөөчүлөр карайт.

— Жерлерди мыйзамсыз бергендиги боюнча кылмыштары айып катары кирбей калганы да айтылып жатат…

— Чынын айтканда, мындай меселелер көтөрүлгөндө, көптөгөн суроолор, талаштар пайда болот. Баары тергөө органдарына берилип. А Жогорку Кеңеш бир гана кадам жасоого тийиш, кол тийбестикти алып салат, болду. Анан жанагыдай кылмыштарын билгендер, тергөөгө катышып, көрсөтмө бериш керек. Мисалы, төрагабыз Дастан Жумабеков трибунага чыгып, “Атамбаев 5 миң адам чыгарам, бийликти алмаштырам” дегенин айтты. Бул түздөн-түз кылмыштын аракети, белгиси. Андыктан, Дастан Жумабековду тергөө органдары чакырып, суракка алыш керек. “Сиз айттыңыз, ошону далилдеп бериңиз” деп. Себеби, биз Атамбаевдин учурунда эң кыйшык жолго кеткенбиз. Бир адамдын көрсөтмөсү менен жоопко тартылган учурда жашадык. Эмне, Атамбаевдин өзүнө келгенде, башкача болуп калыш керекпи? Ошондуктан, мен айтам, спикерди сөзсүз чакырыш керек. Эгерде, ал “чын, мен уккам” десе, анда ал сотко бериш керек.

Динар Турдугулова

БУЛАК: Азиянюс

Аргумент.kg
Жооп калтыруу