Исхак Масалиев, ЖК депутаты: “Мен “чимкирик” эмес, 10 депутаттын катарында турам”

Экс-президент Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу боюнча сунушту Жогорку Кеңеште 40тан ашуун депутат колдоду. Жалпы жыйында эртең менен депутаттар Канатбек Исаев, Талант Мамытов жана төрага Дастанбек Жумабеков Атамбаевдин ишмердүүлүгүн жана соңку билдирүүлөрүн кескин сындап, ага тиешелүү баа берүүгө үндөшкөн.Атамбаев Кыргызстанды 2011-2017-жылдары башкарган. 8-июнда ал митинг өткөрүп, өзүн актап, азыркы бийликти, депутаттарды“чимкириксиңер” деп сындаган.Ушул сөзү үчүн депутаттардын Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу аракети ар кандайча бааланып жатат.

— Исхак Абсаматович,Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу процесси туура жүрдүбү? “Экс-президент иштеп жаткан президент болбогондуктан, анын кол тийбестигин алуу кайсы бир кылмыш аныкталган учурда гана жүрүш керек болчу” деген ойлор айтылып жатат…

— Учурунда Индира Жолдубаева, Абдил Сегизбаев бир топ жарандарды жоопко тарткан. Сот аларды соттоп салган. Ошондуктан, бүгүнкү күчүнө кирген мыйзамга таянып туруп, 31 депутаттар демилге көтөрүштү. Экс-президентти кол тийбестиктен ажыратуу демилгесин 40 депутат колдоп берди. Эми комиссия түзүлмөй болду. Кийинки процедуралар боюнча, Башкы прокуратура макул болуш керек. Анан Жогорку Кеңештин 32 депутаттарынын чечими менен колтийбестик алынып салынат.Кол тийбестиги алынган экс-президентти суракка алса болот, убактылуу камакка алса болот. Башкача айтканда, мыйзамда каралган процедуралык чаралардын баарын колдонсо болот.

— Митингде Атамбаевдин сүйлөгөн сөзүн кандай бааладыңыз?

— Мен өзүм анын митингин көргөн да, сүйлөгөнүн уккан да жокмун. Журналисттердин жазгандарынан окудум. Анан эми депутаттарды жамандаганы бул адатка айланып кетпедиби. “Ал байкем бир аз ооруп калган окшойт” деп эле кабыл алдым.

— “10 депутаттан башкаңар чимкириктерсиңер” дебедиби…

— Мен өзүмдү ошол 10 депутаттын катарына кошом.

Булак: «АЗИЯnews»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу