Иса Өмүркулов талаада калабы?

Атамбаевден жүз буруп кетип, Жээнбековду айланчыктап жүргөн Иса Өмүркулов учурда өтө ыңгайсыз абалда жүргөнү белгилүү. Бу киши ары эмес же бери эмес болуп калды окшойт. Буга чейин аз да болсо кадыр-баркы бар эле, азыр Өмүркулов тууралуу жакшы эмес пикирлерди угасың. Партиялашы Асель Кодураңова деле жетчү жерине жеткире айтты окшойт, “байке деген сөгө татыксыз адамсыз” – деп. Андан башка сөз айтуунун деле кереги жок го. Эми бу киши азыркы бийликке деле кереги жок болуп калды окшойт. Абылгазиев өкмөт башчылыктан кетсе анын ордуна барчулар таптакыр башка кишилер айтылып жатат. Демек, Иса деле садага чабылчудай болуп калыптыр. Жээнбековго деле ишеничтүү адам керек да. Атамбаевди сатып кеткендер Сооронбай мырзага чоң сабак болот эмеспи…

Булак: Ачык саясат

Аргумент.kg
Жооп калтыруу