Иса Өмүркулов менен Жыргалбек Турускуловдун үйү жок дегенге ким ишенсин

Мамлекеттик салык инспекциясы депутаттардын декларациясын жарыялашканы, коомчулукту күдү-күдү ойго салып, түрдүү кептерге жем таштады. Анткени, алар декларацияда үйүн көрсөтүшкөн эмес. Ошон үчүн Жогорку Кеңештин депутаттарынын үйү жогу бар дегенге эч кимдин ишенгиси жок.

Айтмакчы, алардын үйү жок болгону менен ар кандай курулуштары, пансионаттары же өндүрүш обьектилери бар. Декларацияда үйү көрсөтүлбөгөн депутаттардын катарын Кыргызстандагы бай адамдардын алдыңкы сабында турган Иса Өмүркулов менен “Республика – Ата Журт” фракциясынын фракция башчысы Жыргалбек Турускулов да толуктайт.

Булар үйү жоктордон эмес. Болгону, кайсы үйүн декларацияга киргизээрин билбей калгандардан болсо керек. Болбосо, булар өздөрүнө эле эмес, небере-чөбөрөлөрүнө чейин жете турган байлык топтоп койгон адамдар.

Булак: NazarNews.kg

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу