Иса Өмүркулов, КСДП фракциясынын лидери: “Мага кылмыш иш козгоо боюнча команданы Атамбаев бергенин билем”

– Иса Шейшенкулович, КСДПнын саясий кеңеши сизди партиядан чыгарган жыйынын мыйзамсыз деп эсептеп, 3-апрелде саясий кеңеш партиянын кезектеги съездин өткөрөт деп жарыяладыңыз. Бул аракет ажырым кетип турган КСДПны биротоло экиге бөлүп салуу эмеспи?

– КСДПнын эки ажырым болуп ажыраганы ушул да. Мени партиядан себепсиз, мыйзамсыз чыгарганын ажырым деп айтсак болот. Баса белгилеп айтып коёюн, алардын аракети мыйзамсыз болуп, ал жыйында саясий кеңештин саналуу эле адамдары болгон. Бир нече жолу жыйындын протоколун, саясий кеңештин кайсыл мүчөлөрү катышканы тууралуу тизмени, ким эмне деп айтканын бергиле деп сурадым. Бере алышкан жок. Демек, андай нерсе жок. Мыйзамсыз чечим болгондуктан партияда эле калгам. Бүгүнкү күндө деле КСДП партиясынын мүчөсүмүн. Бул партия бирөөнүн жеке менчиги эмес. Эгерде менин менчигим деп Адилет министрлигинен каттоодон өткөн болсо, баары бөлөкчө болмок. Бирөөнүн менчигинен баарыбыз чыгабыз. Эгерде партиянын ичинде өзүнүн оюн, көз карашын айта турган демократия бар болсо, “Сен Исаков, Кулматовду коргобойсуң” деп четинен чыгара берүү туура эмес да. Ошондуктан биз партиянын легитимдүү мүчөсүбүз. 3-апрелде партиянын кезектеги съезди болот деп 4-мартта чогулдук, кворум болду. Саясий кеңештин мүчөлөрү катышты. Юридикалык жактан эч кандай маселе жок. Жыйындын чечими менен 3-апрелде КСДП партиясынын кезектеги 18-съезди деп бекиттик.

– Сизди саясий кеңештин мүчөлөрүн топтобой эле партиядан чыгарса, Атамбаев өзү каалаган адамды партиядан чыгара бергенби?

– Мен ошондой деп ойлойм.

– Сизди чыгаруу дагы жеке өзүнүн демилгеси болгонбу?

– Кимден демилге чыкканын билбейм. Ал жыйынга катышкан эмесмин.

– Ошол жыйынга барган саясий кеңештин мүчөлөрү да 3-апрелде өтчү съездде чакырылдыбы?

– 4-марттагы жыйынга катышкан саясий кеңештин мүчөлөрү мурунку жыйынга катышкан эмес деп ойлойм. Жыйында 31-октябрдагы чечимди мыйзамсыз деп добуш беришти.

– Ирина Карамушкина чакырылабы?

– Айрым депутаттарды чакырдык. Ирина Карамушкинанын позициясын билебиз. Бизге жаңжалдын кереги жок. Съездди чакырып жатканыбыздын себеби, партиянын ичинде ажырым кетти, көз караштар эки башка болуп калды. Ошондуктан, ажырымга чекит коюшубуз керек. Ким кайсыл тарапта экенин ачык билели да. КСДП тарыхы бар чоң партия. Саясий кырдаалга сөзсүз түрдө таасир берет. Ошон үчүн коомчулук эмне болуп жатат деп карап турат. Биз съездге 300 адам деп квота коюп жатабыз. Аймактардын баарына маалымат кетти. Баштапкы уюмдардын баарында жыйын өтүп, делегаттарды аныкташы керек. Биз менен макул болбогон партиянын, саясий кеңештин мүчөлөрү баштапкы уюмдун жыйындарына катышып, делегат болуп келип катыша беришсин. Съезд партиянын эң жогорку органы, ал жерде баардык маселелер чечилет.

– Өмүркуловду дагы Атамбаев “Сен Исаковду, Кулматовду колдобой койдуң” деп камактагы “балдарына” боору ооруп партиядан чыгарган болуп калабы? Же Атамбаевсиз КСДП” кыймылдын өкүлдөрү менен жолугушканыңыз себепкерби?

– Мен жеке өзүм ошол кыймылдын өкүлдөрүп чакырып кабыл алган жокмун. Аны өздөрү деле айтып жүрүшпөйбү. Менден башка саясий кеңештин мүчөлөрүнө дагы кайрылып жатышат. Саясий кеңештин айрым мүчөлөрү камалганда жеке өзүм пикиримди айткан жокмун. Себеби, иликтөө иши бүтсүн, чын-төгүнүн көрөлү, иликтөөнүн жыйынтыгы менен маалымат алалы деген көз карашта болдум. Азыр иликтөө иши аяктап, иш сотко ашты. Сот кимдин кандай күнөөсү бар экени тууралуу чечим чыгарат. Ошондон кийин өзүмдүн позициямды айтам. Бүгүн абактагыларга коюлуп жаткан дооматты жакшы билесиздер. Бишкек ЖЭБ жана башка иштер боюнча коррупция менен айыпталууда. Соттун чечими жок алар таза же күнөөлүү деп айтуу логикага да туура келбейт.

– Атамбаев сизди шылдыңдагандай түр менен “Мурмуркулов” деп атап, чычалаганын көрсөттү. Анын айтканына териккен жоксузбу?

– Мени шылдыңдап, келекелеп сүйлөгүдөй жаш бала эмесмин. Ар дайым өзүмдүн көз карашым болгон. Анын колун эч убакта караган эмесмин. Дайыма өнөктөш катары жүрчүбүз. Ушул партиянын идеологиясы деп башыбыздан көп кыйынчылыктарды өткөзгөнбүз. Бийликке келгенден кийин Атамбаевдин мага, менин үй-бүлөмө жасаган мамилеси анын ички дүйнөсүн ачык көрсөттү. Ошондон кийин кантип экөөбүз бир көз карашта болобуз? Бүгүнкү кырдаалдын жаралышы президенттик шайлоодон кийин башталды. Шайлоо алдында партиянын бир талапкерди алып чыгабыз деген чечими бар болчу. Ошол чечим менен Сооронбай Жээнбековду талапкер кылып алып чыктык. Баарыбыз тең үгүт иштерине жардамдашып, аны колдоп, шайладык. Жаңы президент өз ордуна олтургандан кийин өзүнүн саясатын алып барат да. Мурунку президенттин доору бүтүп, Жээнбеков өзүнүн көз карашын, ойлорун ишке ашырууга аракет көрөт. Губернатор, депутат, министр, премьер-министр болуп иштеп, көйгөйлөрдү ичинен жакшы билет. Көйгөйлөргө чара көрүп, коррупцияга каршы күрөштү баштаганы экс-президентке жакпады. Ажырым ушундан башталды. Менин түшүнүгүм боюнча экс-президент өзүнүн жеке мамилесине бизди кошушу керек экен. Борбордук аянт кызыл канга боёлуп, канча азаматыбыз каза болуп кетти. Ошонун аркасы менен бийликке келгенин эч ким жокко чыгара албайт. Ошол окуяны унутпоо зарыл. Ал учурда баарыбыз чогуу жүргөнбүз. Менин оюм боюнча партиянын съезди болуп, баарына баа берилиши керек.

– Экс-президентти да чакырасыздарбы?

– Чакырылат деп ойлойм. Келип отчётун берсин. Делегаттар колдой турган болсо ачык айтылат.

– Съездде Атамбаевди партия лидерлигинен алуу маселеси каралабы?

– Программаны кабыл алууну съездге келген делегаттар чечет. Саясий кеңештин чечимин Өмүркулов жеке өзү кабыл алган жок. Көпчүлүк катышып кабыл алды.

– Мурунку президентти жаш кезинен жакшы билем дедиңиз. Досуңуз жаш кезден эле миллионер болуп, партияны каржылап келгени ыраспы?

– Тийиштүү кызматтар декларациясын текшерип чыкса эле баары көрүнөт деп ойлойм. Бирок, партиянын бир топ иш-чараларын каржылаганы чындык. Муну да айтыш керек.

– Атамбаев бийликке келгенде сиз Бишкек шаарынын мэри болдуңуз. Бул орунга Атамбаев жеке өзү сунуш кылганбы же Убактылуу Өкмөттүн чечими менен дайындалгансызбы?

– Атамбаев мени эч убакта Бишкек шаарынын мэри кылып дайындаган эмес. 7-апрелдеги аянттагы окуялар, андан кийинки талап-тоноочулук болуп, шаарда хаос орун алып турган кезде Убактылуу Өкмөттүн чечими менен мэр болуп дайындалгам. Шаардын активине Өмүрбек Текебаев алып барып тааныштырган.

– Иса Өмүркуловго кылмыш иш козголгондо Атамбаев камактан сактап калды, баласы машинасы менен адам өлтүрсө дагы ал камалган жок деген сөздөрдү угуп жатсаңыз керек. Сизге карата козголгон кылмыш иштин жабылышына Атамбаевдин таасири болгону чындыкпы?

– Атамбаев баламдын авто кырсыгы боюнча байма-бай көтөрүп, өзүнө караштуу маалымат каражаттары, “Апрель” телеканалынан тынбай айтып келатат. Мен бул кырсыкты душманыма да каалабайм. Балам машинасы менен атайын бирөөнү өлтүргөн жок. Эгер мас абалында болуп же атайлап өлтүргөн болсо башка маселе болмок. Кан жолдо түн ичинде кырсык болгон. Ал боюнча иш козголуп, тергөө жүрүп, баары мыйзамдын негизинде каралып, өзүнүн юридикалык баасын алган. Балам толугу менен күнөөнү тарткан. Ошол баламдын балдары алды 16 жашка чыгып калды. Ошолордун дагы психикасына доо кетирип жатат. “Өмүркулов убийцанын атасы” деп айтат. Мен эмне адамдарды өлтүр деп айтыптырмынбы?! Каза болгон балдардын ата-энелери да кырсык деп айтып, бири-бирибизге көңүл айтып, куран окутканбыз. Кырсыкты кайра-кайра айтпай, эр болсо Өмүркулов ичип-жеди деп мага асылсын. 4 жыл мэр болуп иштедим, ийне-жибине чейин текшертти. Эч нерсе таппай, аягында парктан 16 гектар жерди катып койгонсуң, кийин сатмаксың деп иш козгогон. Мага кылмыш иш козгоо боюнча команданы Атамбаев бергенин билем, иш козгогонунун маңызын да жакшы түшүнөм.

– Досуңуз бийликте турганда сизге такыр эле жарыгы тийген жокпу?

– Мен илгертен бери мамлекеттик кызматта иштеп келатам. Ал президент болуп турганда кызмат сураган жокмун. Мэрликтен кетүүгө мажбур болгом, кетпесем дагы кетирмек. Иш козготкондон кийин экинчи күнү арызымды жазып бергем. Кийин элчиликти сунуш кылышкан. Ага да макул болбогом. Шайлоого барам деп айткам. Тизмеге мынчанчы кылып кой деп дагы айтпагам. Өзү онунчу кылып койду. Анысына рахмат гана айтам.

– Ал киши өзүнө жакпагандарды “чыккынчы” деген мааниде айткан. “Чыккынчы” дегидей ал адамды сатып кеттиңизби? 2006-жылы оппозиция Бакиевдин бийлигине басым кылып турган учурда, силер менен бирге жүргөн Атамбаев бийлик менен сүйлөшүп, премьер-министр болуп кетпеди беле. Анын бул кадамын чыккынчылык деп эсептейсизби?

– Мени сатып кетти деп айтып жатат. Аны сатып кеткидей бүгүн ал жөнүндө маселе болуп жатабы? Мен аны сатып бирөөгө добуш бергидей шайлоо учурубу? Атамбаевдин мөөнөтү бүткөн соң, өзүбүз алып келген талапкер Жээнбековду колдодум. Экөөсү тил табыша албаса мен саткын болуп каламбы? Жээнбековду шайлоодо дагы колдогом, азыр да колдоп жатам. Анын саясаты туура жүрүп жатат. Съездде партиянын баары Жээнбеков деп колдоп, бүгүн Атамбаевге жакпай калса, баарыбыз аны менен кошо кетишибиз керекпи? Өзүң туура салыштырдың. 2006-жылы он миңдеген адамдар оппозицияны колдоп аянтка чыккан. Баарыбыз ушул жерде күн-түн дебей тикебизден турганбыз. Мен парламенттен дагы сүйлөп жаттым. Биз бийликке катуу талапты коюп жатканыбызда, ал киши Ак үйдүн аркасынан кирип, бийлик менен сүйлөшүп, премьер-министр болуп кеткен. Баарыбызды “оптом” сатып кеткен. Оппозициянын өкүлдөрү баарыбыз түшүнбөй калганбыз. “Көпүрө болом” деп келди. Көпүрө болду, орденди алып кайра кетти. Ошондо дагы мени Өкмөт мүчөлүгүнө чакырганда депутат бойдон калам деп барган эмесмин. Менин ошол кездеги кесиптештерим Текебаев, Исаков, Бекназаров, Шерниязовдор жакшы билет. “Форумга” эч ким каттабай калган. Ошол кездеги жыйындарыбызда мен модератор болуп жүргөм. Биздин максат бул эмес, элдин канын соргон бийлик менен күрөшүү деп атып кайра алып келгенбиз.

– Сиз Атамбаев 2011-жылы президенттик шайлоого аттанганда колдогонсузбу?

– Колдогом, ага ишенгем. БЭКтин мүчөлөрү жакшы билет.Атамбаев менен эч ким сүйлөшпөй калган кезде мендей эч ким колдогон эмес. Жанында мен эле жалгыз калгам, калгандардын баары кетип калган. “Форумга” барбай, Сариевдин офисинде чогулчубуз. Балдар койгула деп атып Атамбаевди мен алып келгем.

– 3-апрелде болчу КСДПнын съездин өткөрүүнүн артында бийлик турган жокпу?

– “Форум” ар кандай сөздөр менен ар кимдин фамилиясын айтып жатат. Маселен, мага басым же таңуулаган эч ким жок. Муну саясий кеңештин мүчөлөрү да билишет. Бийликтин буйругун аткарган эч ким жок.

Маектешкен: Темирлан Токтоболотов

Булак: «Жаңы Ордо»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу