Иса Өмүркулов, КСДП фракциясынын лидери: “Прокуратура оозуна талкан салып отурат”

– Иса Шейшенкулович, Алмазбек Атамбаевдин 8-июнда өткөн митингде сүйлөгөн сөзүнө кандай баа бересиз?

– Биринчиден, бул кырдаалдын туруксуздашуусуна алып барат. Жанагындай чакырыктар, кордоп басынткан сөздөр кечээ эле өлкөнү башкарган саясый ишмерге жарашпаган жорук. Аны көргөн, уккан кошуна өлкөлөр эмне деп ойлошот?

– Кесиптешиңиз Алмамбет Шыкмаматов сиздин дарегиңизге «бир кезде Атамбаевди колдоп жүрүп, эми позициясын 180 градуска өзгөрттү» деген мааниде сын айтты. Буга не дейсиз?

– Позициям өзгөргөн жок. Түптүз келатам. Балким, ошол Шыкмаматовдун позициясы өзгөрүп атышы мүмкүн. Президентти баарыбыз шайлаганбыз. Ишенип шайлаганбыз. Ишенген үчүн ошол кезде митингдерде жүргөнбүз. Ошон үчүн аянтта далай балдар мерт кетти. Бөлөк да запкыларды көрүштү. Анын ичинде мен да запкы көрдүм. Туура, Атамбаевди колдогонбуз. Себеби, партиялаш болгондон кийин ишенгенбиз да. Бирок, аягында көрүп атабыз да эмне болгонун. Анан кийин митинг уюштуруп, элди дүргүтүп, президенттин аброюна шек келтирип атса, мен өзүмдүн калыс сөзүмдү айтышым керек да. Же Атамбаевди мактап, жакташым керек беле?

– Кандай дейсиз, Атамбаев камалышы мүмкүнбү?

– Бүгүн мен «эмнеге оозуңарга талкан салып отурасыңар?» деп прокуратурага кайрылдым. Себеби, кеп бир адамдын эмес, мамлекет башчынын личносту тууралуу болуп жатат. Бир кезде алар президенттин ар-намысын коргошчу эмес беле? Эмнеге бүгүн коргошпойт? Албетте, иштеги кемчилигин сындаса мен түшүнөт элем. Бирок, ал өлкө башчысынын адамдык беделине шек келтирип акаарат айтып атсан соң, прокуратура сөзсүз реакция жасоого тийиш.

Керим Мурас

Булак: «Азия ньюс»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу