Иса Өмүркулов: «Идрис Кадыркулов боюнча жооп бербей эле коёюнчу…»

– Иса Шейшенкулович, учурда «КТ Мобайл» компаниясынын жетекчилеринин айлык маяналарына байланыштуу маалыматтар коомчулукта сынга алынып жатат. Бизге мамлекеттик дагы бир уюлдук оператор компаниясын ачуунун зарылдыгы бар беле?

– «Мегаком» – мамлекеттик ишкана. Мамлекеттик ишкананын ичинде дагы бир структура түзүүнүн эч зарылдыгы жок болчу. Себеби, каражат дагы чаржайыт болот, кошумча чыгымдары көбөйөт. Ооба, «КТ Мобайл» компаниясынын жетекчилик жамаатынын чоң суммадагы айлыктары интернетте талкууланып жатканын көрдүм. Бул абдан туура эмес иш болду. Мамлекеттен акчаны бөлүп алып, ысырап кылууга жатат бул нерсе. Экономиканы илгерилете турган иш эмес. Мынча сумманы бирөөлөрдүн колуна берген иш боюнча текшерүү болушу зарыл. Баарын иликтеп, ачыкка чыгарыш керек.

– Чоң суммадагы айлык акыларды алып жаткан жагдайга көз карашыңыз кандай?

– Айлык койгондон да биринчи структурасы туура эмес болгон. Компания болгондон кийин жетекчилерден башка да катардагы жумушчулар дагы айлык алышат. Анан эми иштебей жатып, ушундай суммадагы айлык алган адамдардын уяты, адамгерчилигинде мандем бар. Моралдык жактан да туура эмес мындай ишке барышканы.

– УКМК башчысы Кадыркуловдун кызматтан кетишин паспорт чырына байланыштырып жатышат…

– Идрис Кадыркулов кызматтан кеткенин уга элекмин. Кетсе, эмнеге байланыштуу кеткенин да билбейм. Маалыматым жок, жооп бербей эле коёюн.

Динар Турдугулова

Булак: «АЗИЯnews»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу