Исаков, Алымкулов, Дүйшеев… Президент дагы кимдерге мамлекеттик сыйлык тапшырды

Өлкө башчы «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө» жарлыкка кол койду.

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана руханий потенциалын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн бир катар инсандарга мамлекеттик сыйлык тапшырды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Билдирүүгө ылайык, Жээнбеков «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө» жарлыкка кол койду. Анын негизинде II даражадагы «Манас» ордени менен Карыпбек Алымкулов, Орозбек Дүйшеев, Исмаил Исаков сыйланса, III даражадагы «Манас» ордени Сыртбай Мусаевге ыйгарылды.

Ошондой эле «Даңк» медалы Бурулуш Батаканова, Любовь Зубехина, Абдимуктар Маматов, Эркин Тентишев, Искендер Шаяхметов жана Якир атындагы №61 автордук физика-математикалык мектеп-лицейинин окуу комплексине тапшырылды.

Андан сырткары, Кыргыз Республикасынын эл артисти, эл акыны, эл сүрөтчүсү, эмгек сиңирген артисти, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, эмгек сиңирген дарыгер, эмгек сиңирген куруучусу, эмгек сиңирген мугалими наамына ондогон адамдар арзыды.

Толук тизме менен президенттин расмий сайтынан таанышсаңыздар болот.

Булак:Спутник

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу