Исаковдун иши жүрбөй, басмайылы бошоду…

Акыркы кездери иши алдыга жылбай, жалаң көйгөйлөргө тушутуп жаткан премьер-министр Сапар Исаков кызматынан айрылып калышы мүмкүн экени айтыла баштады.

«Исаков жалаң чет өлкөдөн билим алган кеңешчилердин тилине кирип, карапайым элдин жашоосунан алыстап кетти», — дешүүдө. Ошондой эле Исаков президент Сооронбай Жээнбеков менен экс-президент Алмазбек Атамбаевдин ортосунда чайналып, өзүнүн ыйгарым укуктарын кеңири колдоно албай, кадрдык саясатка батыл киришип, өз алдынча кескин реформа жасаганга батынбай жатканы да кеп болуп жатат.

Айтор, «өйдө тартса араба сынат, ылдый тартса өгүз өлөт» абалында турат. КСДП фракциясы вице-премьер министр Даир Кенекеев баштаган өкмөт мүчөлөрүнүн отчетун жактырбай коюшканына карагаңда, Сапар Исаковдун басмайылы бошоп калгандай.

Булак: «Фабула»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу