Исаевдин иши бүттү окшойт…

Жогорку Кеңештин депутаты Канатбек Исаевдин ишин тергөө 30-январга чейин узартылды. Бул тууралуу чечимди бүгүн 8-декабрда Бишкек шаардык соту колдоду. Эске сала кетсек, Башкы прокуратура “Канат Исаев 2008-2010 жылдар аралыгында Токток шаарынын мэри кызматын аркалап турганда пара алууга жол берген жана кызмат абалынан пайдаланган” деп айыптап, кылмыш ишин козгогон.

Андан соң депутатка 15-октябрга белгиленген президенттик шайлоодо өзү колдогон талапкер Өмүрбек Бабанов утпай калса, мамлекеттик бийликти күч менен басып алууга жана төңкөрүш уюштурууга аракеттенген деген шек менен “кылмышка даярдануу”, “массалык башаламандык” жана “бийликти күчкө салып тартып алууга даярдык көрүү” деген статьялар менен кылмыш иши козголуп, 30-сентябрда камакка алынган.

Бул окуядан кийин саясат тануучу серепчилер Канат Исаевдин саясаттагы карьерасына чекит коюлганын айтышкан. Ошондой эле болгону калды көрүнөт.

Булак: Фабула 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу