Ирина Карамушкина,КСДП фракциясынан ЖК депутаты: «Премьер-министр практика жүзүндө өкмөттөгү кадрдык дайындоолорго таасир эте албайт»

— Ирина Юрьевна, сиз «начар иштеген минисгрлерди сунуштаган фракция да жоопкерчилик тартсын» деген сунуш айттыңыз. Ошондой чара зарыл дед эсептейсизби?

— Билесиздер да, ар бир фракциянын министрлерди сунуштоо боюнча өз квотасы бар. Ар бир фракция өз кишисин тигил же бул тармакка сунуштоош укукгуу. Ошондуктан, фракция өзү сунуштаган талапкер үчүн жоопкерчилик тартууга тийиш деп эсептейм. Окүнүчтүү жери, премьер-министр практика жүзүндө өкмөтгөгү кадрдык дайындоолорго таасир эте албайт. Эгер өкмөт башчыга эркиндик берип, кимдир бирөөнүн бир тууганы, кудасы, бажасы экенине карабай, «каалаганыңды дайында, каалаган кишиңди кетир, өкмөттө жалаң професеионалдар иштеши керек» дегенде, ошондо премьер да, министрлер да кыйла сапаттуу иштешмек. Өлкөбүзгө азыр реформаторлор, жогорку рангадагы чечкиндүү мамлекетгик кызматкерлер керек. Ансыз эч нерсе өзгөрбөйт.

— Анда мындай ишти мыйзам негизинде жасаш керек го?

— Ооба, чындыгында эле мыйзамда министрлердин кандай иштеши боюнча фракциялардын жоопкерчилиги каралган эмес. Ошондуктан, мен сиз менен макулмун, мыйзамдык база керек. Ырас, муну ишке ашыруу кыйын болот, бирок жасоо зарыл.

Керим МУРАС

БУЛАК: Азиянюс

Аргумент.kg
Жооп калтыруу