Инста-саясатчылар дүйнөсүнө саякат. Ким эмне менен алек?

Инстаграм социалдык тармагын Кыргызстандагы чиновниктер, депутаттардын саналуусу гана колдонот. Алар адатта өздөрү аткарып жаткан иштери тууралуу маалыматтарды бөлүшөт. Андыктан чоңдордун посттору кээде зеригичтүү 🙂

Биз башка жагынан карап көрөлү, саясатчылар Инстаграмда кайсы баракчаларга жазылган, алар кимдин сүрөттөрүн карайт жана эмнеге кызыгат? 

Алтынбек Сулаймановдун баракчасына 15 миң колдонуучу жазылган. Саясатчы болсо 100 аккаунтту күзөтөт. Бардык саясатчылардай эле башкы бирболчу массалык маалымат каражаттарынын баракчаларына жазылган.

Кызыгы – Алтынбек Сулайманов автоунаага байланыштуу баракчаларга көбүрөөк катталган.

Саясатчы жылдыз төлгөсүнө ишенет сыяктуу, ал өз белгиси болгон ВЕСЫ баракчасын карап турат.

Алтынбек Сулайманов цитаталарды, асыл ойлорду сунуштаган жана шыктандыруучу аккаунттарга, юмор, спорт, дин жаатындагы баракчаларга катталган. Ырчылардан Бек Борбиев, Сыймык Бейшекеев, Кайрат Примбердиевди көрүүгө болот.

Анан сулуу, спортчу кыздар бар.

Рыскелди Момбековдун жазылуучуларынын саны миңге жетпейт. Кесиптеши спортко кызыкса, чечен депутат музыкага жакын көрүнөт. Ал Айчүрөк Иманалиева, Гүлнүр Сатылганова, Самара Каримова, Мирбек Атабеков, Неля сыяктуу бир топ ырчыларга жазылган.

Алмамбет Шыкмаматовдун Инстаграм баракчасына 4 миңден ашык адам катталган, өзү болсо 400дөн ашык аккаунтка жазылган. Атамекенчи башкалардай эле массалык маалымат каражаттарына, кесиптештерине жазылган.

Депутат жазылган аккаунттар боюнча көзгө илешер кандайдыр бир жалпылык жок, бирок ал өз шайлоочулары менен эки тараптуу байланыш түзгүсү келеби, айтор белгилүү адамдар аз. 400дөн ашык аккаунттун көпчүлүгү кыз-келиндер.

Алтынбек Сулайманов мушкер кыздарга жазылса, Шыкмаматов перилердин сүрөттөрүн карайт.

Депутаттардын арасынан Жанар Акаев азырынча жазылуучуларынын саны боюнча эң алдыда. Анын постторун 155 миң адам окуйт-көрөт. Эл өкүлү болсо 123 аккаунтка катталган.

Акаев жазылган баракчаларды карап, депутат англис тилин үйрөнүп жатат го деп болжодук.

Басылмалар, журналисттер, ырчылардан сырткары Жанар Акаев чет өлкөлөрдүн саясий лидерлерине жазылган.

Башка депутаттар жазылган аккаунттарда өзгөчөлүктү байкай алган жокпуз. Көпчүлүгү Инстаграмга катталган эмес.

Депутат айымдардын Инстаграмы дээрлик окшош. Алар негизинен маалымат каражаттарына катталган. Мындан сырткары аялдарга тиешелүү жалпылык бар – алар косметика, кийим дүкөндөр, идиш-аяк, арыктоо жолдорун сунуштаган баракчаларга жазылган.

Өкмөт мүчөлөрүнө келсек. Алардын көпчүлүгү бул социалдык тармакка катталган эмес.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин Инстаграмына 20 миңдей адам катталган. Өзү болсо президенттин аккаунтуна гана жазылган.

Вицелерден Алтынай Өмүрбекованы гана таба аласыз. Бул айым жалаң эле бренд кийим-кечелерге, дүкөн, зер буюм, косметика каражаттарына катталган.

Министрлерден Олег Панкратов, Азамат Капаров, Улукбек Кочкоровду Инстаграмдан  таба аласыз.

Эң кызык Инстаграм – Сооронбай Жээнбеков менен Алмазбек Атамбаевде 🙂 Азыркы президент экс менен катчысы Толгонай Стамалиевага жазылган. Экс-ажо болсо Жээнбеков, Сапар Исаковду жана КСДП баракчасын карап турат.

Экөө бири-бирин көрүп турса болду да, ашыкчанын кереги эмне))))

Булак: Калыс Медиа 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу