Индияда 300 автоунаа өрттөндү

Кечээ, 24-февралда Индиянын Бангалор шаарында авиасалон учурунда (авиация техникаларынын жаңы үлгүлөрүнүн эл аралык көргөзмөсү) 300 автоунаа өрттөнүп кетти. Унаалар коомдук унаа токтоочу жайда турган.

Шаардын өрт боюнча күзөт кызматынын маалыматы боюнча, кургак чөп жана катуу шамалдан өрт тез жайылып кеткен. Жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарынын билдирүүсү боюнча, адамдар жабыркаган жок.

Авиасалонду уюштурган Индиянын Коргоо министрлиги окуянын чоо-жайын аныктоо тапшырмасын тиешелүү адамдарга берди.

Булак: Turmush

Аргумент.kg
Жооп калтыруу