Индияда алкоголдук ичимдикке ууланып өлгөндөрдүн саны 107ге жетти

Индиянын Ассам штатында сапатсыз алкоголдук ичимдиктен ууланып өлгөндөрдүн саны 107ге жетти. Ондогон адамдар ооруканада дарыланууда. Бул тууралуу жергиликтүү полицияга шилтеме кылып «The Quint» басылмасы жазды. Жабыркагандардын бардыгы чай плантациясынын жумушчулары. Алар колго, көмүскө жасалган ликёрдон ууланган. Штаттын бийлиги ликёр жасоого колдонулган ингредиентке тыюу салды.

Февралдын башында Индиянын түндүгүндө Уттар-Прадеш жана Уттаракханд штаттарында сапатсыз спирт ичимдигине ууланган 110 киши каза болгон. Маалыматка караганда, көбүнесе уулануу мыйзамдуу жол менен жасалган ичимдик жергиликтүү калк үчүн кымбат болгон аймактарда катталууда.

Ассамдагы маасалык уулануу боюнча алголдук ичимдик саткан эки киши камалды.

IANS агенттиги жергиликтүү тургундар мыйзамсыз алкоголдук ичимдиктерди өндүрүп, саткандар менен полициянын байланышы бар экенин айтып арызданышканын жазды.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу