Илмиянов кечкисин түрмөдөн чыгып эс алып журөбү?

Икрам Илмиянов кадимки шоопур аталган кезинде кадрларды каалагандай калчачу дешет. Эми минтип кылган ишин мойну менен тартуу үчүн темир тор артында жатат. Бирок, ар кандай такталып такталбаган маалыматтарга таянсак ал темир тордун азабын көп деле тартпаган шекилдүү.Күндүз отурумуш эткени менен түнкүсүн акырын чыгып, эркиндиктин абасын кере-кере жутуп анан эрте менен тыпыйып келип калат экен. Анын үстүнө адеп камалган учурда уу-дуу болгон менен кийин таптакыр сөз да болбой калды өндөнөт.Бираз мурда Илмиянов тергөө менен тыгыз иштешип атат деген кабар тарап кеткен эле. Балким ошондон улам ага башкаларга берилбеген “жеңилдиктер” берилип жатса керек.

Булак:ARGUMENT.KG

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу