Илим Карыпбеков жигиттик сөзүнө турабы?

Илим Карыпбековдун 4 жылдык КТРКнын жетекчилик мөөнөтү аяктап калды. «Эмне иш жасады?»-деген суроо туулбай койбойт. Сураштырып көрсөк эки- үч «чоң» иш жасаптыр.

Биринчиси кирип чыккандарга «чип» койдуртуптур. Тартипти сактоо жакшы, бирок ошонун шылтоосу менен 80ге чукул кызматкерди жумуштан кетирген. Алардын басымдуу бөлүгү мыкты ишбилги адистер эле деп айтышат.

Экинчиси дубалдарды талкалап батыштагыдай кылып айнектен кайра салдыртты. Эми имаараттын сырты оңолгону жакшы, бирок ошол ичинде мыкты программаларды даярдаганга кызмат кылышы керек эле да. Көпчүлүк көрүүчүнүн пикирине карганда сапаттык өсүп кетүү байкалган жок.

Үчүнчүсү «Ала-тоо 24» каналын өзүнчө кылып ачты. Бирок аны толтура албай, 12 сыйра кайталап көрсөтүп жатканын баары байкап турат. Тилекке каршы теле, радио берүүлөрдөн көзгө толумдуу, вулкандай дүрт эткен көрүүчүнү өзүнө тарткан жаңы долбоорлорду ача алган жок. Эми дагы кийинки мөөнөткө дагы талапкерлигин койгону маалым болду. Социалдык тармактардагы интернет колдонуучулардын пикири боюнча Карыпбековго көбү каршы экенин жазышууда. Буга чейин ММКлардан бир канча ирээт жигиттик сөзүн берип, экинчи мөөнөткө барбастыгын баса белгилеп келген. «Жигиттин сөзү өлгөнчө өзү өлсүн»- деген сөз бар кыргызда. Ошондо Илим мырза жигиттик сөзүнө турабы?  Күтө туралы…

Булак: ARGUMENT.KG

Аргумент.kg
Жооп калтыруу