Илим Карыпбеков: «Достор! Мен ким, Бек байке ким?…»

Эске салсак буга чейин ырчы Бек Борбиев фейсбук баракчасына, ««Кечээги президенттин куттуктоосу маңыздуу болду. Кыска нуска. Бирок оператордун койгон ракурсу туура эмес. Же атайылап кыянаттык кылыштыбы? Айтор бул катачылык чоң жоопкерчилик менен аяктайт го дейм»-деп жазган жери бар. Бул билдирүүгө Илим Карыпбеков да жооп жазган эле. Ал эми бүгүн Илим Карыпбеков кайрадан өздүк баракчасына төмөнкүчө билдирүү калтырган:

Карыпбеков Бек Борбиев менен айтышты деген эле ызычуу.

Достор! Мен ким, Бек байке ким? Мен чимкиригимди тарта албай жүргөн кезде Бек байке өлкөнү дүнгүрөтүп турган жигит. Таланты ташкындап, канча легендарлуу чыгармаларды жаратып, кыргыз элин сүйүндүрүп, ойго батырып, көккө көтөрүп жүрөт. Мен дагы Бек байкенин ыры менен чоңойгом, дагы эле музыкалык коллекциямда Бек байкенин ырлары көп, сүйүнүп угам. Бек байке мага сөз айтмак турсун, калпагымдын кырынан баштап, таманыма чейин сөксө дагы сөз кайтарбайм, себеби сыйлай, урматтайм! Бек байке алп болсо, мен ал кишинин жанында чиркей элемин.

Мен Бек байкеге сөз кайтарганымды себеби башкада. Өз учурунда Бек байке дагы чимкиригин тарта албай, кайда барып ырымды, талантымды элге таанытам деп жүргөндө Берадор байкени Бек кылган ушул «грош цена болгон» КТРК! Ушул»грош цена» болгон КТРКнын операторлору, жөнөкөй кызматкерлери ак эмгегин жумшап жатып Берадорду Бек кылышкан! Ушул жарытылуу эмгек акы албаган «грош цена» болгон КТРК дагы деле Берадор байкенин ырларын даңазалап Бек Борбиев атына салым кошуп жүрүшөт. Кеп КТРК жетекчисинде, же Өлкө башчынын куттуктоосунда эмес. Өлкө башчылары, КТРК башчылары келет, кетет, бирок Өлкөбүз, КТРКбыз кылымдарга элге кызмат кылып кала берет.

Тагдыр буйруп КТРКнын жетекчиси болуп калдым. Мен бул жерге чартаңбай тээп, башкарганы келген жокмун. КТРКнын өнүгүүсүнө гана аракет кылбастан, КТРКнын аброюн, атын сактаганга дагы милдентендирилип шайлангам. Ошондуктан КТРКны, КТРКнын кызматкерлерине сөз келтирип, КТРК өзү багып чоңойткон уулдары «грош цена Вам» деп керсеңдеп турушса Бек эмес, Бектин Беги болсо дагы сөз кайтарам. Себеби жөнөкөй эле — айрымдар үчүн КТРК жаман, айрымдар үчүн КТРК жакшы болушу мүмкүн, а мен үчүн КТРК ыйык жер, ыйык мекеме, а кызматкерлеримден айланып кеткиле! Менин кызматкерлеримдей маңдай терин аябай, жанын сайып коюп, үй-бүлөсүнөн КТРКны өйдө коюп Берадорлорду Бек кылыш үчүн иштеген эр азамат, кыздар мамлекетибизде чанда кездешет.

Айтайын дегеним ушул эле. Урматым менен!

БУЛАК: argument.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу