Илим Карыпбеков: «Балдарымдын сүрөтүн эл алдына чыгаргым келбегенинин себеби бирөө эле…»

КТРКнын экс-директору, медиа-экспрет Илим Карыпбековдун социалдык тармактарга жайгаштырган видеолору, пикирлери колдонуучулар тарабынан талкуу жаратып келет. Арасында айтылган айрым ачуу пикирлерге терикпей, кулагынын сыртынан кетирип көнгөн маектешибиз акыркы жаңылыктары менен бөлүштү.

-КТРКнын жетекчилик кызматын тапшырып мойнуңуздан чоң жүктү бошоттуңуз. Убактыңыз мурдакыга салыштырмалуу кенен болуп калгандыр? 

-Мен жетекчилик кызматты так аркаладым деп ишенимдүү айта алам. Кесиптештерим менен жолукканда да жүзүм жарык. Жаңыдан жетекчи болгондо “ушул тармакка кандай өзгөртүү киргизе алат болдум экен” деп ойлонгом. Бир аз да болсо өзгөртүү киргизе алдым. Ошого кубанычтамын. Буга чейин мамлекеттик кызматтардан кеткенде деле жумалап жатып эс алган күнүм болгон эмес. Азыр деле жеке иштерим менен жүрөм. Ишкерлик менен алектенгендиктен бир күндө канча жолугушуум бар экенин, кандай жумуштарымды бүтүрөрүмдү күндөлүгүмө жазып алам. Таңкы саат жетиде турган бойдон түн жарымына чейин иштейм. Мурда телеберүүдө кечке иштеп, кеч болсо да чыгып алып жеке жумуштарымды бүтүрчүмүн. Азыр убакыт бир аз артып калды. Үй-бүлөмө көп убакыт бөлүп, көптөн бери жолуга албай калган туугандарыма кезигип атам.

-Эгерде дагы мамлекет тарабынан кызмат сунушталса барасызбы?
-Азыркыга чейин эч кандай сунуш болгон жок. Болот деп деле күткөн жокмун. Эгер сунуштап калышса мен өлкөгө иштеп берүүгө даярмын. Биринчи кезекте ал кандай тармак, мен ал жерге өзгөртүү киргизе аламбы, мага көрсөтүлүп аткан ишенимди актаймынбы деген суроону өзүм берем. Көзүм жетсе гана барам. Эч кандай сунуш болбосо деле таарынбайм.

-“Кыялдар орундалат” деген китеп жазып атпадыңыз беле. Ал эмгекте сиздин кыйынчылык менен жеткен ийгиликтериңиз баяндалат го деп болжолдоп атам. Эмгегиңиз качан жарык көрөт?

-Китеп даяр, редакциядан да өткөн. Туура, китептин негизги мазмуну менин жашоомдогу тажрыйбаман алынган. Бирок аны да “мен кыйынмын, укмушмун” деп мактануу максатында чыгарбайм. Максатым- алыскы айылдарда окуп аткан бүтүрүүчүлөргө, 1-2-курстун студенттерине кыялдар орундалат деген үндү жеткирүү. Себеби айылда жүргөн кезимде президент, бийликтеги адамдар мен үчүн Кудайдын жанында жүргөн адамдардай сезилчү. Ошого жараша менин кыялдарым да чектелүү болчу. Ушундан улам жаш балдарга кеңеш болсун деп китеп жаздым. Китепте кызыктуу, күлкүлүү окуялар да камтылган. Буюрса ыңгайлуу мезгилди күтүп жүрөм. Убакыт-сааты келгенде чыгарып бүт аймактарга таратам.

-Спортту, сергек жашоону даңазалап келесиз. Жеке өзүңүз күнүнө канча сааттыңызды спортко арнайсыз?
-Спортту жашоомдун үзгүлтүксүз бир бөлүгү катары санайм. Айылда бала кезимде күрөшкө барып жүрчүмүн. Азыр мен спорттун жаңы багыты болгон кроссфит, бокс менен күндө машыгам. Экөөнө күнүнө 2 саат убактымды жумшайм. Кээде зарыл иштерим болуп такыр бошобой калганда, иш сапарым менен шаардын, өлкөнүн сыртына чыгып кетсем эле машыкпай калбасам калган күндөрү дайыма барам. Алтынчы, дем алыш күндөрү велосипед, кышкысын болсо лыжа тебем.

-Ушу тапта таенеңиз социалдык тармактардын колдонуучулары арасында популярдуу болуп турат. Ал киши жөнүндө кенен айтып берсеңиз? 
-Таенем аябай көрөгөч, акылман адам. 87 жашка чыкты. Саясатта, жеке жашоодо да акыйкат сөзүн айткан киши. Мен болсо саясатка гана байланышкан видеолорду жүктөп коём. Болбосо турмуштук тажрыйбасы абдан мол. Тогуз бала төрөгөн. Төрт эркек, беш кызы бар. Азыр Таластын четиндеги Балбал деген айылда жашайт. Ар эки ай сайын таенеме барганга аракет кылам. Экөөбүз көпкө сүйлөшүп отурабыз. Сүйлөшкөнүбүздү видеого эки максатта тартып алам. Биринчиси — карапайым элдин оюн таенемдин сөзү аркылуу бийликке жеткирүү. Экинчиси — таенем карып калды, кокус көзү өтүп кетсе видео жазуулары мага, небере-чөбөрөсүнө эстелик болуп калсын дейм.

-Өзү интернетке чыгып, талкуу болуп жатканын билеби?
-Чынын айтсам, башында таенем элге мынчалык алынып кетерин мен деле билген эмесмин. Андыктан видеолорду ага айтпай эле чыгарып жүрдүм. Кийин уул-келини түшүндүрүп, интернетке чыгып атканын, элдер жакшы пикир калтырганын айтып беришиптир. Ага көз карашы түз. Азыр болсо видеого тартарда элге салам айтып, анан сүйлөйт.

-Таенеңиз сиздин жашооңузга 16 жашыңызда аралашты да. Сизди кандай кабыл алды эле?
-Ата-энем ажырашканда мен чоң ата-чоң энемдин колунда болчумун. Апам таенемди ээрчитип алып мени алып кетем деп айылга барганда чоң апам мени көтөрүп алып кошуналардыкына качып, жашынып бербей койгон. Ошондо таенем: “Кайненең балага байланып калыптыр, бере турган түрү жок. Жайына кой. Жашсың, турмушка чыгып дагы төрөйсүң. Аман болсо сени чоңойгондо өзү таап келет”,- дептир. Айткандай эле 16 жашка чыкканымда чоң апам мени апамдын колуна тапшырды. Анда да таенем: “Чоңоюп калган баланын кыялы болот. Тарбиясы да бөлөк болуп калды. Ошонун баарына чыдаарыңа көзүң жетсе ал колуңа”,- дептир. Апам ойлонбой туруп мени өзүнө алган. Таенемдин көп небереси бар. Ошолордун арасынан мен сүймөнчүк небереси экенимди ачык айтпаса да сезем. Апам “менин балам” деп аткандан кийин таенем деле жакшы мамиле жасап жылуу кабыл алган.

-Убагында апаңыздын колуна келбегениңизде жашооңуз азыр такыр башкача болмок болуш керек?
-Албетте. Айылда эле калсам керек эле. Чон атамдар мени адам катары тарбиялашса, апамдын мага берген эң негизги белеги — билим болду. Мен шаарга жаңы келгенде окугандан да коркком. Себеби менин түшүнүгүмдө гений балдар гана студент боло алат деп ойлочумун. Апам жумуштан кеч келсе да күндө кечинде мага көңүл бурчу. Өзүмдүн жүрүм-турумум, кыялым башкача эле. Түшүнбөстүктөр, уруш-талаш көп болду. Бири-бирибизди кабыл алуу оңой болгон эмес. Азыркы менин ийгилигиме апамдын 90 пайыз салымы бар.

-Атаңыз тууралуу көп айтпайсыз. Катышыңыз жокпу?
-Атам мен кичине кезимде эле башка үй-бүлө куруп, балалуу болуп калган. Аябай тыгыз байланышым жок. Туугандар арасында жакшылык, жамандык болуп калганда жолугуп учурашабыз. Мамилем сый. Ага караганда апамдын кийинки никесинен төрөлгөн эки баласы менен катышам.Алар менен чогуу жашап калдым да.

-Жаш болсоңуз да төрт баланын атасы экенсиз. Канча жашыңызда үйлөндүңүз эле? Эмне себептен балдарыңызды ачыкка чыгарбайсыз?
-Мен 24 жашымда үйлөнгөм. Жубайымдын да кесиби юрист. Учурда ар кандай долбоорлордо иштейт, сабак берет. Көбүнчө балдардын, үйдүн түйшүгү менен алек. Мен балдарымдын сүрөтүн эл алдына чыгаргым келбегенинин себеби бирөө эле. Аларга залакамды тийгизгим келбейт. Коомго чыккысы келеби же келбейби өздөрү чечиши керек. Мисалы, менин дарегиме билип-билбей ар кандай сөздөрдү жазгандар болот. Андай жагымсыз сөздөр аларга таасир беришин каалабайм. Балдарымдын баары эле социалдык тармакта отурушат. Болгону элге ачык жарыя кылууну туура көрбөйм.

-Балдарыңызга кандай атасыз? Тарбиянын кандай ыкмасын жактырасыз?
-Эки кыз, эки уулум бар. Төртөө тең спорттук секцияларга, ийримдерге барат. Кадимкидей кечинде чарчап келип суй жыгылышат. Дем алыш күндү “үй-бүлөлүк күн” деп атап алганбыз. Ал күнү балдарым менен шаардын сыртына чыгып эс алабыз, сүйлөшөбүз, сырдашабыз. Негизинен төртөөнү тең эле эркине коём. Бир гана талабым бар. “Силерге үй, унаа алып бербейм. Аял алганга да, күйөөгө тийгенге да жардам бербейм. Мен силерге бир гана татыктуу билим, тарбия берем. Келечекте бай болуп жашайсыңбы же кедей болосуңбу ал өз тандооң” дегем. Ошого жараша билим алуусуна бүт шартты түзүп бердим. Башка менден эч нерсе сурашпайт.

 

-«Эмоциям дароо сыртка чыгат. Ачуум бат келет” дедиңиз эле, бул адатыңыз үйдөн деле кармап турабы?
-Жашыраак кезимде ачуум өтө бат келчү. Ошого жараша жиним бат тарайт. Бул адатым менен азыркыга чейин күрөшүп келем. Кээде үнүмдү бийик көтөрүп калсам, балдарды жаңылыш урушуп алсам, туура эмес сөз сүйлөп койсом кичинекей баламдан деле кечирим сурайм. Күнөөмдү сезип өз маалында кечирим сураганды билем. Кол алдымда иштеген кызматкерге туура эмес мамиле жасап алсам андан деле кечирим сурайм. Аны да кадыр-колко кылбай чын жүрөгүмөн сурайм.

-Дарегиңизге дайыма ачуу сындар айтылып турат. Кантип жеңесиз?

-Социалдык тармактардагы менин дарегиме айтылган сөздөргө маани бербейм. Андай сөздөргө каршы иммунитетим бар десем болот. Жаман сөз жазгандарды дароо блоктоп салам. Бир эле жолу апамдын дарегине айтылган суук сөздөрдү жүрөгүмө жакын кабыл алып айтышкан учурум болгон. Ал эми жеке дарегиме айтылган ар кандай төмөн сөздөргө убактымды коротпойм.

-Сизге окшоп бир нече иштин башын алып кетүү үчүн кандай жөндөм керек?
-Билимден сырткары эмгекчилдик анан адептүүлүк керек. Менин өзүмдүн кесибиме байланышкан ишим бар. Ал тармакта башымды сайып, тыным албай иштейм. Ал эми өзүм жакшы түшүнбөгөн тармак бар. Мисалы, ресторан ачуу үчүн ал тармакты мен кеминде 2-3 жыл изилдеп окуп билишим керек. Убакыттан да, акчадан да уттурбаш үчүн ресторан бизнесин жакшы билген тааныштарым менен өнөктөш катары кызматташып, каражат салам. Андыктан ар бир иштин көзүн таап кетүү мүмкүн эмес. Бирок акыл калчап өз ишин мыкты билген кесипкөйлөр менен кызматташып жакшы ийгиликтерге жетишсе болот.

БУЛАК: Леди.кж

Аргумент.kg
Жооп калтыруу