Илим Карыпбековго КТРКнын алып баруучусунун үстүнөн арыз түштү

КТРКнын Башкы директору Илим Карыпбековго жарандардан КАЙРЫЛУУ келип түшкөн. Бул тууралуу маалыматты ишенимдүү булактар билдирди.

Айтымына караганда штаттан тышкаркы теледолбоордун алып баруучусун көгүлтүр экрандан алып салуу сунушу жазылган.

Теледолбоордун алып баруучусуна жазылган КАЙРЫЛУУ боюнча Карыпбеков чара колдонобу же жокпу күтө туралык. Бирок Илим Карыпбековдун буга чейинки социалдык тармактагы “Салам Кыргызстан” долбооруна болгон нараазычылыкка шар кадамы жалпыга дайын.

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу