Илим жана техника багытында иштеген кызматкерлер сыйланат

Президент Сооронбай Жээнбеков илим жана техника жагында иштеген кызматкерлерге мамлекеттик сыйлыктарды ыйгаруу жөнүндө жарлыкка кол койду. Ага ылайык:

«Илим жана техника жагында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты» деген наам:

-Ахунбаев атындагы Кыргыз медициналык академиясынын офтальмология кафедрасынын башчысы, медицина илимдеринин доктору Олжобай Жумагулов;

-“Дордой офтальмик-сервис” көз микрохирургиясы медициналык борборунун врач-ординатору, медицина илимдеринин кандидаты Алмазбек Ботбаев;

-Ушул эле борбордун врач-ординаторлору, медицина илимдеринин кандидаттары Марта Дикамбаева, Валентина Усенко, Асизбек Эшмамбетовага берилет.

Касым Тыныстанов атындагы сыйлык «Скелеттин узун сөөк сыныктарын заманбап дарылоо» иши үчүн:

-Улуттук илимдер академиясынын академиги, Бишкек травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборунун директору, медицина илимдеринин доктору Сабырбек Жумабековго;

-Бишкек травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборунун № 1 травматология бөлүмүнүн башчысы, медицина илимдеринин доктору Бектур Анаркуловго берилет.

«Эгемендүү Кыргызстандын коомдук-саясий жана социалдык өнүгүүсүнүн актуалдуу проблемалары» иши үчүн:

-Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ректору, тарых илимдеринин доктору Толобек Абдырахмановго;

-Улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти, Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин философия, маданият теориясы жана тарыхы кафедрасынын профессору, саясий илимдеринин доктору, философия илимдеринин доктору Мэлс Артыкбаевге;

-И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин тарых жана социалдык-укуктук билим берүү факультетинин деканы, тарых илимдеринин доктору Назира Курбановага;

-ушул эле окуу жайдын тарых кафедрасынын профессору, тарых илимдеринин доктору Эгенберды Маанаевге берилет.

Булак: Марал

Аргумент.kg
Жооп калтыруу