Иликтөө адилеттүү жүрсө, экс-баш прокурор түптүз түрмөгө түшүп калбайбы?

БАЙТЕМИР ИБРАЕВГЕ ӨЗГӨЧӨ СУРООЛОР БОЛУШУ МҮМКҮН

Убактылуу өкмөттүн тушунда башкы прокурор болгон Байтемир Ибраевди билесиңер да? Учурда тилин тишине катып, шүк жүрөт. Бакыт Калыев жана Бакиевдин токол катындарына кабат-кабат катталган миллиондор сырын Байтемир Ибраев каякка жашырган? Дал ушул эргулга карата шектүү жагдайларды өлкө башчысына күч органдары жеткиришкенби, учурда Азикенин “кол баласын” артын казуу катуу башталганын эшиттик. Өзүнө эле эмес, университетти өмүр бою “шимип”, студенттердин канын кактабай соруп жүргөн, алкымы бузук жакындарына да илинчек табылабы? Бул эргул 7-апрель окуясынан соң кыска аралыкта заңгыраган особнякка ээ болгондугун жакындары айтып жүрүшкөнү жалганбы? Иликтөө адилеттүү жүрсө, экс-баш прокурор түптүз түрмөгө түшүп калбайбы?

Булак: Asianews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу