Икрамчик Илмияновдун иши сотко өттү

УКМКнын Тергөө башкы башкармалыгы Икрам Илмиянов тарабынан алдоо жолу менен 150 миң АКШ доллар акча каражатын мыйзамсыз ээлеп алуу фактысы боюнча козголгон кылмыш — ишин тергөө аяктаганын билдирди.

2019 — жылдын 10 — июнундагы тергөөнүн жыйынтыгында Илмияновго Кылмыш — жаза кодексинин 204 — беренесинин 3 — бөлүмү (өзгөчө ири өлчөмдө жасалган алдамчылык) боюнча кылмыш жасагандыгы тууралуу маалымдалып, козголгон кылмыш ишинин матриалдары, жоопко тартуу актысын бекитүү жана андан ары ишти сотко өткөзүү үчүн Башкы прокуратурага жиберилген.

Ал арада президенттин аппаратынын сот, укуктук бөлүмүнүн мурдагы башчысы Манас Арабаев Илмияновдун дагы башка кылмыш иштерге катыштыгы бардыгы боюнча көрсөтмө берген. Бул жагдай эске алынабы белгисиз…

Булак: Фабула

Аргумент.kg
Жооп калтыруу