ИКРАМЖАН ИЛМИЯНОВ ҮЙ КАМАГЫНА ЧЫГАРЫЛДЫБЫ? БАШКЫ ПРОКУРАТУРАНЫН ЖООБУ

Икрамжан Илмияновдун ишин тергөө мөөнөтү 28-июлга чейин узартылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын өкүлү Бакытбек Садыгалиев маалымат жыйында билдирди.

Анын айтуусунда, тергөөнүн жыйынтыгы боюнча аны кайрадан узартуу керекби же жок чечилет. “Ал үй камагына чыгарылды деген маалымат чындыкка дал келбейт, учурда камакта“, – деп билдирди Сыдыгалиев.

Эске сала кетсек, Башкы прокуратура Икрамжан Илмияновго карата кылмыш ишин 2018-жылдын 28-сентябрында козгогон. Ага 166-берененин (“Алдамчылык”) 4-бөлүгүнун 2-пункту боюнча айып коюлган.

2018-жылдын июнь айында КРдан чыгып кеткен Илмияновго издөө жарыяланып, кийин ал Россиянын аймагынан кармалган. Андан соң Бишкекке жеткирилген.

БУЛАК: eldik.media

Аргумент.kg
Жооп калтыруу