Икрамдын «иттигине» ичи ачышып…

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин эң жакын ишенген адамы катары, кезинде далай чуулгандуу иштердин башында туруп, байып, баарын көшөгө артында башкарып калганы менен атагы чыккан айтылуу «шоопур» Икрам Илмиянов учурда Татарстандын борбору Казань шаарында жашап жүрөт. Атамбаев кезинде Икрамга өзүнө ишенгендей ишенип, чаң жугузбай келгени баарына маалым. Эми гана Илмияновдун акча жасоодогу мастерлиги боюнча том-том болгон маалыматтарга ээ болуп санын аткып турган кези экен. Ал түгүл Икрамды чакыртса качып келбей жатыптыр. Сатып кетти десек да жарашат. Агарып-көгөрүп, Атамбаевдин арты менен шоопурлугуна карабай экинин бирине айланып көпкөн кезин унутуп, “ичкен кудугуна түкүрүп” тескери кеткени жеткен пастык эмеспи. Башкалар сатса да, туз даамын таткан Икрам сатпаш керек эле. Мындай куйтулугу менен алыс барбай калды көрүнөт…

Булак: «Фабула» 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу