ИИМ Шамиль Атаханов боюнча билдирүү таратты

Кечээ, бир катар маалыматтык агенттиктерде кармалган Шамиль Атаханов ИИМдин кызматкерлеринин иш-аракетине нааразычылыгын билдирген билдирүү жарыяланган. Кыйноолорду алдын алуу улуттук борборунун директору Нурдин Сулайманов экс-вице-премьер-министрдин жактоочусунун кайрылуусу менен Убактылуу кармоочу жайга барган. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Кыйноолорду алдын алуу улуттук борборунун директору прокуротурага даттануу арызын жибергенин жана жооптуу милиция кызматкерлери жазаларын ала тургандыгын билдирген маалымат жасаган. Борбордун кызматкерлери ар дайым Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына барып турушат, ошол убакта  кармоонун бекитилген режимин билип алышса жакшы болмок.

Ал эми, Шамиль Атахановду кармоода медициналык күбөлөндүрмөдөн өткөрүшпөгөндүгү жөнүндө даттануусу менен дооматтарына кайрылсак. Шамиль Атахановдо башка жарандар сыяктуу эле укугу бар жана жарандын конституциялык укугун тепселөөгө эч кимге жол берилбейт. Тилекке каршы, Убактылуу кармоочу жай курорт эмес, УКЖныны кызматкерлери тарабынан кармалган жарандын денесинде жаракаттар бар экендиги аныктала турган болгон учурда гана медициналык күбөлөндүрмөдөн өтөт. Убактылуу кармоочу жайга алып келгенде жана камерага киргизүүдөн мурда кармалуучунун денесинде ар кандай жаракаттардын жоктугу текшерилет, андан сырткары УКЖнын нөөмөт кызматкери тарабынан  ден соолугунун абалы суралат. Ден соолуктун начарлап кетиши же оору белгилерин байкаган учурда УКЖнын нөөмөт кызматкери тез арада тез жардам кызматын  чакырат. Ошондой эле жактоочусу менен жолугушуу жөнүндө талабын аткарбай коюшкан деген билдирүүсү чындыкка дал келбейт. Жактоочуга болсо, өзүнүн кардарына саат таңкы алтыдан түнкү саат онго чейин каалаган убагында келип турса болоорун түшүндүрүштү. Камерада одеалдын жоктугу жалган. Кармалуучу киргизилген камерада матрац жана эки одеял бар болгон, бүгүн болсо дагы бир одеял берилди. Даары-дармектерди жана жеке буюмдарды жумуш күнү саат 09:00дон 19:00го чейин берүүгө болот. Ошондуктан, Убактылуу кармоочу жайда укук бузулгандыгы жөнүндө тараган билдирүү чындыкка дал келбегендигин билдиребиз.

Булак:NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу