ИИМ, УКМК, Бажы кызматы… Мамлекеттик кызматкерлер футзал боюнча мелдешет

Мелдеште мамлекеттик органдардын кызматкерлери менен биргеликте ышкыбоздор жана ардагерлер дагы катыша алат.

Борбор калаада футзал боюнча «Наристе — 2019» эл аралык турнири өтөт. Бул туурасында КРдин Футзал федерациясынан кабарлашты.

Мелдеш 3-8 январь күндөрү борбордогу Кожомкул атындагы спорт сарайында өтмөкчү.

Маалыматка ылайык, турнирге министрликтер менен ведомстволордун өкүлдөрү катышат.

«Оюнга Саламаттыкты сактоо, Ички иштер министрликтери, Улуттук банк, Мамлекеттик чек ара, Салык, Бажы кызматтарынын, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин жана башка мекемелердин өкүлдөрү катышат», — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле 35 жана 45 жаштан өйдө курактагы ышкыбоздор да күч сынаша алат.

«Наристе» мелдеши жыл сайын КРдин Футзал федерациясы тарабынан уюштурулуп келет.

Булак: Спутник 

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу