ИИМ: Марлис Асанов эч кандай жетекчилик кызматтык орунга дайындалбайт…

2019-жылдын 1-апрель күнү Назарньюс сайтына “Бурулайдын өлүмүнө жол берген, Данияр Абдыкадыровдун өкүл баласы Марлис Асанов ызы-чуу жаратабы?” деген макала жарыяланып, аны жогорудагы сайтка шилтеме берүү менен бүгүн бир катар кыргызча сайттар өздөрүнө чагылдырды. Анда Бурулайдын өлүмүнөн кийин кызматтан айдалгандардын арасында Марлис Асанов бар экендигин эми бүгүн болсо акчанын күчү менен кайрадан анын Чүй областтык ички иштер башкармалыгына жооптуу кызматка жетекчи болуп дайындала тургандыгы тууралуу сөз болгондугу айтылган.

Аталган макала боюнча Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлиги өзүнүн позициясын билдирет. Тактап айтканда, Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлиги Марлис Асанов эч кандай жетекчилик кызматтык орунга дайындалган жок, ал түгүл Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө кызматына дайындоо тууралуу сөз да болушу мүмкүн эместигин, ыйгарым түрдө баса белгилөө менен билдирет. Бул маалымат тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу