ИИМдин тергөөчүсү 100 миң сом пара алып жатып кармалды

Милиционер УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Бишкекте Балыкчы ШИИБинин тергөөчүсү пара талап кылууга шектелип кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен (УКМК) кабарлашты.

УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы акча талап кылуу фактысы боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында ыкчам издөө аракеттерин жүргүзгөн. Натыйжада милициянын ага лейтенанты колго түшүрүлгөн.

Ведомствонун маалыматы боюнча, милиция кызматкери жөнөкөй жаранга козголгон кылмыш ишин жакшы жакка чечип берүү үчүн андан акча талап кылган.

Шектүү 100 миң сом алып жаткан жеринен кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Булак: Спутник

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу