Иззат Артыков мамлекеттик стипендия алат

 

Бразилиянын Рио-де-Жанейро шаарында өткөн XXXI жайкы Олимп оюндарында коло байге алып, бирок кызытма чырына байланыштуу мелдештен четтеген Иззат Артыков мамлекеттик стипендия алган спортчулардын тизмесине кирди.

Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин расмий сайтына жарыяланды. 2017-жылдын биринчи жарым жылында мамлекеттик стипендия ала турган спортчулардын тизмесинде Артыков жогорку категорияга кошулуп, ай сайын 45 миң сом алары жазылган.

Мамлекеттик стипендиянын баасы 2 миң сомдон 45 миң сомго чейин чейин. Ал 256 спортчуга берилет.

Эң жогорку стипендия Артыков менен кошо Эламан Догдурбек уулу, Айсулуу Тыныбекова, Арсен Эралиев, Эсен Калиев, Жыргалбек Орозбаев, Илгиз Каналбек уулу жана Каныбек Жолчубековго берилет. Стипендианттар жети категорияга бөлүнгөн. Ар бир жарым жыл сайын атайын комиссия спортчунун жетишкендиктерине жараша стипендиянын өлчөмүн бекитип турат. Алты айлык стипендиянын жалпы көлөмү 12 миллион 618 миң сомду түзөт.

Иззат Артыковдун маселеси учурда Эл аралык спорттук арбитраждык сотунда каралууда. 11-январда Швециянын Лозанна шаарында алгачкы сот жараяны болгон. Акыркы жыйынтык азырынча белгилүү боло элек. Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик арбитраждык сот кандай чечим чыгарбасын Артыков жарым жыл бою стипения ала берет деп маалымдады. Кийинки жарым жылдыкта ал стипения алабы же жокпу комиссиянын чечимине байланыштуу болот. (ECh)

Булак: Азаттык

Аргумент.kg
Жооп калтыруу