Идрис Кадыркулов кетти, эми УКМК оңолобу, же ойрону чыгабы?..

Өткөн жумадагы гезитибизге Идрис Кадыркуловдун ыплас иштерин тизмектеп жазганбыз. Сын-пикирден түзөлүүнү ойлобой, итатайы тутулган Идрис гезитибиздин журналисттерине, башкы редакторубуз Асланбек Сартбаевге ар кандай кысымдарды жасатканга чейин барышты. Соцтармактагы фейктери аркылуу шыбаганга да үлгүрүшкөн. Аягында провокациялык материалдарды гезитке сунуштаганга да жетишишти. Тилектери таш каап, андай «фокустары» өтпөй калды.

Аныгында, акыйкат бар экен, Кадыркуловдун кадыры кыйрап, «Азия Ньюс» чыккандан бир жумага жетпей кызматынан шыпырылып түштү. Бул эргул УКМК төрагасы болуп туруп, дөөлөтүн көтөрө албады. Бир топ мыйзамсыз, акылга сыйбаган иштерге тымызын аралашканы ЖМКларга чыга баштаган. Натыйжада, президенттик аппарат уялып кетип, ишенимди актабаган Идристи кетирип тынышты. Эми мындан ары УКМКдагы эл бузар, шыбагыч фейктер тизгиндерин тартышабы? Эгерде акылдарына келишпесе, алардын аттарын, буйрук бергендерди жана жетекчилерин ачыктайбыз! Биздин да УКМКнын ичинде жетиштүү маалымат бергичтерибиз бар, азырынча фактыларды топтоп, анализ жасап атабыз… Ойлонуп иш кылышпаса ойрону чыкпайбы?..

Сурат Жылкычиев

Булак: «Азия ньюс»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу