Ибрагим Жунусов КРдин Өзбекстандагы элчиси кызматына көрсөтүлүүдө

Жунусовдун талапкерлигин Жогорку Кеңештин профилдик комитети өз жыйынында карайт.

Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Ибрагим Жунусов КРдин Өзбекстандагы элчиси кызматына көрсөтүлүүдө. Анын талапкерлигин Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети өз жыйынында карайт.

Жунусов Кыргызстандын Түркиядагы элчиси кызматын 2014-жылдан бери аркалап келе жатат.

Ал эми Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Данияр Сыдыков быйыл 5-мартта КР президент аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалганданбери орду бош турат.

Булак: Спутник

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу