Зулушев мыйзам “зоосу” болобу?

Индира Жолдубаева башкы прокурорлук кызматтан 13-апрелде бошотулду. Анын ордуна кимдин келери учурда кеп-сөзгө алынып турган чагы. Республикада мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөй турган Башкы прокуратуранын ролу абдан бараандуу жана орчундуу. Анткени жогорку мамлекеттик кызматкерлерге жана депутаттарга Башкы прокуратура аркылуу кылмыш иши козголот. Ошондуктан Атамбаев доорунда Башкы прокуратура саясий атаандаштардын мойнуна кылтак илип, аларды “кансыраткан, алсыраткан” органга айланды.

Сооронбай Жээнбековго да бул маанилүү жана орчундуу орунга өзүнүн адамын алып келүүгө мүмкүнчүлүк түзүлүп отурат. Бул кызматка талапкерлер каралып жатат. Алардын катарында Жогорку Кеңештин депутаты Курманкул Зулушев ысмы аталууда.

Зулушевдин ысмы республикага 2013-жылы Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовду актоо менен дүң дей түшкөн. Анын айынан ал Бишкек шаардык судьясы кызматынан бошотулган. Атамбаев ошондуктан Зулушевге ызырынып, ал судьялыктан “айдалган” эле деп отурат. Анын үстүнө Зулушев Атамбаевдин “балашкасы” Сапар Исаковду сындап, анын кызматтан кетишин талап кылып чыгууда.

Курманкул Зулушев 2013-жылы “системага” каршы чыгууга эрки жетиштүү экенин көрсөтсө, учурда Сапар Исаковдун кызматтан кетишин талап кылып, саясатта бышып калганын көрсөттү.

Ошондуктан Курманкул Зулушевдин Башкы прокурорлукка тандалышы Жээнбеков жана Атамбаев ортосундагы “кадрдык согуштун” катуулашы айгинелейт. Анткени Атамбаев жана Сапар Исаков Жээнбеков кызматан бошоткон Болот Сүйүнбаевди экономикалык кылмыштуулукка каршы кызматка алып келди…

Булак: Элньюс

Аргумент.kg
Жооп калтыруу