Зарылбек Аликенов (Чыпалак баатыр): «Мага тийишкен кыздардын баары эле ойсоке, жеңил ойлуу кыздар»

-Зарылбек мырза, эл көзүнө көрүнүп, аздыр-көптүр таанылып калдың. Чыпалак баатырмын деп жүрөсүң. Күч топтолуп, кол күчүңдү чыңдап жатасыңбы?

-Ооба, жаңы «трюктарды» өздөштүрүп жатам. Күн сайын изденүүдөмүн. Элге мынча таанылып алгандан кийин жок болуп, көрүнбөй кеткеним болбойт да туурабы? Жакында элге сонун жаңылыктарды тартуулайын деп жатам. Элди буюрса дагы таң калтырам. Кудай буюрса, Кыргызстандан чыккан 21-кылымдын Брюс Лиси мен болом. Баса, күч топтогонум боюнча айтайын, күчкө толуп семирип кеттим. Тааныштар «Курсагың чыгып, семирдиң»-деп жатышат.

-Сен сыяктуу таланттуу байкелердин бири Нурлан Алишеров (Ташчайнар) менен мамилең кандай? 

-Ташчайнар экөөбүз убагында бир команда болуп, мен анын командасында элем. Көп өтпөй эле таарынышып, командадан чыгып кеткем. Себеби Ташчайнар мени ойлобой өзүн ойлоп, мени баалабай койгон. Былтыр мен катуу таанылып баштаганда Ташчайнар кайра өзү мага жармашып телефон чалып жүрдү. Негизи  Ташчайнар экөөбүздүн стилибиз эки башка. Ага караганда мен элге катуу таанылдым. Элдин баары мени сөз кылып, мен жөнүндө көп айтып жатышат.

-Бойдокчулук менен коштошоюн деп жатасыңбы, качан үйлөнөсүң?

-Азыр болсо, азыр деле үйлөнөт элем. Тилекке каршы, көңүлгө жаккан кыз жок. Мага чалып тийишкен кыздардын баары эле ойсоктогон,  жеңил ойлуу кыздар болуп жатат. Мен күткөн, мен издеген токтоо оор басырыктуу кызды таппай жатам.

-Айрымдар Гүлзат  Мамытбекти сага жабыштыра калып жүрүшөт го…

-Гүлзат Мамытбекке өткөндө жолуккам. Экөөбүз бир топ жакшы эле сүйлөшүп олтурдук. Ичинде кири жок, далдаңдаган жакшы кыз экен. Бирок бир күйөөгө тийип чыгыптыр да. Балдары бар экен.

-Элге таанылган кандай экен? Таанылып акча таап жашаса болот бекен?

-Болот экен. Жакында эле Лейлектен баштап, Кыргызстандын тең жарымын кыдырып, өнөр тартуулап келдим.Жакшы эле акча таптым. Иштесе болот экен. Эми тойлор башталды. Тойлорго чакыруулар боло баштады. Тойдон деле бир топ акча тапса болот да.

-Сенин атыңды колдонуп, сенин атың менен акча таап алууну көздөгөндөр болбой элеби?

-Андайлар толтура. Мен жаңыдан элге тааныла баштаганда эле болгон андайлар. Кыргыз элинде куу адамдар өлө көп. Эптеп эле алдап, пайдаланууга аракет жасашат. Андайлардын кандай болоорун да билип калдым. Башында алданган учурларым да көп болду. Азыр кимдин-ким экенин да билдим. Баары эле жаман эмес, албетте, жакшы кишилер да көп. Кол сунуп, каралашкан кишилер да жок эмес.

БУЛАК: ФАБУЛА

Аргумент.kg
Жооп калтыруу