Замир Көчөрбаев, «Кырк чоро» коомдук кыймылынын лидери: «Мэр Суракматов отставкага кетсин»

 8-марттагы феминисттердин, ЛГБТчылардын акциясынан кийин шаардык мэриянын алдында митингдердин агымы суюла элек. Эки күндүн биринде мэрия имаратынын алдында «майрам күнү жосунсуз акцияны өткөрүүгө уруксат берген мэр Азиз Суракматов отставкага кетсин» деген талаптар жаңырууда. Митингге чыккандардын арасында «Кырк чоро» деген аталыш менен белгилүү болгон «Кыргыз чоролору» бирикмесинин лидери Замир Көчөрбаев, активисттер Аманбол Бабакулов, Ыргалай Бекмуратова, дин ишмери Өзүбек Чотонов бар. Алар тараптан феминисттик уюмдардын өкүлдөрүн коркутуу болуп жатканы тууралуу айтылгандарды «Кыргыз чоролору» бирикмесинин лидери Көчөрбаев четке кагып, феминисттердин дарегин аларды сотко берип, акча өндүрүш үчүн сурап кайрылганын айтат.

 — Замир мырза, мэриянын алдында өткөргөн митингдердин максаты, талабы эмне, канчага чейин уланат?

— Биздин талап — мэр Азиз Суракматов кызматтан кетсин! Жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн башында мэр турат. Андыктан, ал мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартылыш керек, же ээлеген кызматынан бошотулушу шарт. Анткени, мэрия 8-марттагы феминисттик топтордун жүрүшүнө уруксат берди. «Аларды чыгарбаганга жүйө болгон жок» деп жатат. Бул жөн гана шылтоо. 8-март айымдардын эл аралык күнү, демек майрам болчу. Ошону жүйө келтирип, жүрүштү токтотуш керек же башка күнгө жылдырыш керек болчу. Мэриянын аракетине укуктук баа берилиши зарыл деп эсептейм. Бул боюнча биз 11-мартта башкы прокуратурага кайрылганбыз.

— Гей-парад боло турганынан бир күн мурун кабардар болгон экенсиздер. Эмне үчүн азыркы талаптарды ошондо коё алган жоксуздар?

— Ооба, биз жетисинде гей-парад боло турганын уктук, билгенбиз. Ошондо биз мэрияга «биз да жүрүшкө чыгабыз» деп уруксат сурап кайрылдык. Бирок, бизге уруксат беришкен жок. Феминисттерге уруксат берилген экен, «эки тарап кагылышып кетпесин» дешиптир. Ошол түнү бизди «чыксңар камайбыз» деген сыяктуу коркутуп-үркүткөндөр болду, ачыгын айтайын. Ошого карабай, эртеси аянтка чыктык. Биздин ар бир мүчөгө, ар бир чорого ондон милиция бекитип, аларга жакын жолотушпады.

-Анан кантип феминисггерге гүл берип калдыңар?

— Майрамдын урматына аянттагы айымдарга гүл таратканыбыз ырас. Бирок, биз гей-парад бүткөндөн кийин бир сааттан кийин бардык. Гей-парад учурунда гүл таратканыбыз жок. Ал эми биздин гүл сунуп жүргөнүбүздөн пайдаланып, атайылап феминисттик топтун айрым мүчөлөрү бизден гүл алып, биз менен сүрөткө түшүп, «биз «кырк чоролордон» гүл алдык» деп жарыялап жиберишиптир. Биз алардын феминисттик топтун мүчөлөрү экенин билген эмеспиз.

— Акциянын артында кимдер турат деп ойлойсуз?

— «Артында мамлекеттик жетекчилер турат» деп айткандан алысмын. Бирок, Кыргызстанга Германиядан 40 млн. евро келгенин уккам. Ал каражаттын кайда сарпталганын, кечээки гей-парадга ал суммадан каралдыбы-жокпу, ошону УКМК текшериши керек.

— Суракка чакырылганыңыздын жөн-жайын айтсаңыз?

— 119-берене боюнча мени Октябрь райондук милициясына чакырышты. Суроолорду беришти, жооп бердим. Андан тышкары, түшүнүк кат жазып бердим. «Дагы чакырабыз» дешти. Азырынча бул боюнча эч нерсе айта албайм. Себеби, ал берене мага туура коюлдубу-жокпу, тийиштүү органдар укуктук баа беришет го.

Динар ТУРДУГУЛОВА

БУЛАК:Азиянюс

Аргумент.kg
Жооп калтыруу