Замира Сыдыкованын экинчи уулу баңгизат чеккен абалында кармалды

Кыргызстандын АКШдагы экс-элчиси Замира Сыдыкованын уулу баңгизат чеккен абалында кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен кабарлашты.

Бишкектеги Түштүк магистралда жүргүзүлгөн рейд маалында көзү кызарып, ар кандай сөздөрдү сүйлөп шек жараткан айдоочуну жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери кармаган.

Лабораториядан текшерткен маалда анын канынан баңгизаты табылды. Айдоочу 1983-жылы туулган Сыдыков Чынгыз Темирбекович экени аныкталды.

Аны УКМКга чакыртышты.

Буга чейин ЖМКлар кабарлашкандай, экс-элчинин башка бир уулу — Тенгиз Сыдыков Чеченстанга курал сатууга айыпталып АКШда камакка алынган.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу