Замира Сатыбалдиева: «Көп жылдан кийин өзүмдү маданият чөйрөсүнөн таптым…»

Алган билими боюнча педагог, учурда аркалаган кесиби боюнча актриса жана жөн гана пунктуалдуу адам Замира Сатыбалдиева менен маектешүү мага  жагымдуу болду. Жашоосун чыгармачылык менен кооздоп жашаган айымдын маеги сиздин назарыңызда. -Замира айым, жүзүңүздү кийин гана тартылган тасмалар аркылуу тааныдык.  Чыгармачылыкка кеч аралашууңузга эмне себеп болду? -Чыгармачылыкка кичинемден жакын элем. Нарын облусундагы музыкалык мектепте окугам. Ошондо эле аккордеон менен ырдап, “чоңойгондо артист болом” дечүмүн. Бирок апам буга каршы эле. Себеби ал кезде кыздардын артист болуусу уят катары саналчу. Спортко да кызыгып, мектептеги курама команда да спорттун гандбол түрү  менен мелдештерге катышып жүрчүмүн. Мектепти бүткөндө жок дегенде ушул тармакта билим алайын дедим. Ага да болушпады. Алардын түшүнүгү боюнча жакшы окуган кыз чоң кызматтарда, иштөөсү керек болчу. Ушундай таасирлердин жыйынтыгында технологдук билим алдым. Окууну ийгиликтүү аяктап, төрт жыл  Д. Асанов атындагы аскердик окуу жайда химия сабагынан мугалим, кийин №76-мектепте директордун орун басары, Омбудсмендин аппаратында эмгектендим. Азыр ойлосом мунун баары мен каалаган кесиптер болбоптур. Ушинтип жүрүп акыры өзүмдү маданият чөйрөсүнөн таптым. — Жашооңузга мындай бурулуш  жасоо кандайча ишке ашты? — Кичине кезимден сынак, фестивалдарга катышып, өзүмдү сынаганды жакшы көрөм. Андан кадимкидей ырахат алам. Сынак тууралуу жарнама окусам эле бир нерсе кытыгылап, баргым келе берет. 2010-жылы “Звезда караоке” деген долбоорго катышып, үчүнчү орунду алгам. Анда үнүмдү жаш баланын үнүндөй кылып ырдаган элем. Ошол долбоордон кийин мени Нурлан Мамакеев “Большие люди” долбооруна чакырды. Мына ушундан баштап тасмаларга, жарнамалык роликтерге сунуштар түшө баштады. “Общага”, “Жыйырмадагы чал-кемпир”, “Бир тууганчик”, “Сүйүү күчү”, “Акшоола” жана башкалар болуп отуруп отуздай тасма, үч сериалда роль жараттым. Мындан сырткары “Жарайт сити”, “Келин” деген чоң долбоорлордо негизги ролдорду ойнодум. — “Келин” долбоору дагы  уланабы? -Долбоордун уландысы “Күйөө бала”, “Кайнене”, “Кайната” деп аталып, сценарийлери даяр. Каражаттын тартыштыгынан токтоп калды. Буюрса уландысында да мен кайнененин образында болом. Негизи бул долбоорго мени орус, кыргыз тилдеринде жакшы сүйлөйт деп тандашса керек. Шарт боюнча аябай катаал, таш боор, орусча айтканда “стерва” кайнене болушум керек эле. Өзүм жашоодо жумшак, тамашакөй айым болгондуктан, андай кайнене боло алган жокмун. Бирок керек жерде каттуу ошол эле учурда калыс кайнене болдум деп ойлойм.  — Актрисалык билимиңиздин жоктугу роль жаратууда кыйынчылык туудурабы?  — Атам комуз чертип, ырдаган чыгармачылыкка жакын инсан болчу. Мага талант атамдан өтсө керек. Аскердик окуу жайда иштеп жүргөндө Пушкин, Лермонтов, Гоголдордун чыгармаларын сахналаштырып, мен жалаң башкы ролдорду ойночумун. Анын баары менин актрисалык жөндөмүмдү күчтөнтүп, бул кесипти аркалап калуума түрткү болду окшойт. Мен үчүн жогорку билим ушулар болду деп ойлойм. Бир гана Эрнест Абдыжапаровдун мастерклассынан сабак алып актёрлук кесиптин сыйкырларын үйрөндүм. Кудайга шүгүр, ушуга чейин аябай кыйналып тартылган тасмам боло элек. — Балдар үчүн тартылган мультфилъмдерде да режиссёрлук кылып каласыз? — Ооба, автордук 14 мультфильмим бар. Бул сунуш музыкалык долбоорго кичинекей баланын үнү менен катышкандан кийин 135 өлкөгө анимациялык мультфильм тарткан индиялык продюсерлер тарабынан түшкөн. Алар белгилүү балдар ырларын кыргыз тилине которуп чыгарууну каалашкан. Бирок мен: ‘‘Кыргыз балдары көрүп жаткандан кийин кыргыз жыттанып турушу керек”,-деп кыргызга тиешелүү  ыр, пейзаж, кыргыз адамдарды чагылдырып тарттыргам. Мага балдарга түшүнүктүү, жалпак тил менен жазылган ырларды табуу кыйынга турду. Көпкө изденип, үймө-жыйма китептердин ичинен он ыр иргеп алып, обондорун чыгаргам. Бул иш менен бир жыл алектенип, мультфильмдеги бардык каармандардын үнүн өзүм коштоп ырдагам. Эмгегим 2016-жылы “Музбилим” деген аталышта чыккан.  — Өзүңүзгө кандай жанрдагы тасмаларда роль жаратуу жагат? — Мага комедиялык тасмаларда роль жаратуу жагат. “Акшоола” сериалында көп каармандар ыйлап-сыктап эле жүрүшөт эмеспи. Күмөндөр экөөбүздү элге күлкү тартуулоо максатында кошушкан. Кастингге барардан мурда тасманын багытын сурайм. Драма, трагедия камтылган тасма болсо дароо баш тартам. Себеби ролду абдан берилүү  менен ойнойм. “Жыйырмадагы чал-кемпир” тасмасында кемпирдин ролун аткарып жатканда кемпирдей болуп колу-буттарым ооручу. Ошондуктан негативдүү тасмага тартылгым келбейт. Азыр аскер кызматында иштеген айымдын ролун аткаргым келип жүрөт. Бул тармак мага тааныщ, образы кандай болорун билем. Өзүм да тартипти сүйгөн, патриот, сөзүнө турган адаммын. Мындай сунуш түшсө роллу катыра аткармакмым деп ишенем. — Чын эле абдан шайыр мүнөз адамсыз. Энергияны  кайдан аласыз? — Мага өзүм эле күлүп жүрбөстөн, жанымдагыларды кошо күлдүрүп жүргөн жагат. Жылмаюу адамды сулуу, жаш көрсөтөт, өмүрүн узартат. Ыйлап- сыктап же ушак сүйлөгөн адамдардан алысмын. Бирөөгө жакшылык кылып, кубанычына себепкер болуудан чоң ырахат алам. Албетте, менин деле маанайым жок учурлар болот. Андайда украиндердин “Сюрприз-сюрприз” деген берүүсүн же комедия жанрындагы тасмаларды көрөм. — Сыр болбосо эң көп гонорарыңыз канча болгон? — Бизде съёмка болбосо акча жок. Менин да өз ставкам бар. Бекер бир да тасмага тартылып көргөн эмесмин. Эң көбү 2 миц доллар болгон. Өзүм көп акча табайын деп жулунбайм. Унаамды джипке, үйүмдү элитага алмаштырайын дебей барына шүгүр кылып жашайм. — Жакындарыңыз колдоочуларыңыз болсо керек? — Бир кыз, бир уулдун энесимин. Эки неберем бар. Жолдошум сүрөтчү. Бир окуу жайда сабак берет. Уулум архитектор, кызым конструктор-модельер. Баары тең искусствону түшүнүп, сыйлаган адамдар болгондуктан,  менин ийгиликтериме кубанып турушат. Актрисалык кесипке аралашканга чейин эле ырдап, роль аткарып жүргөнгө  үй-бүлөм көнүп  калышкан. Чыгармачылыгымды жакшы колдоп кетишти. Негизи эле үй-бүлөбүз  менен орус мүнөзбүз. Ар ким өзүнүн жүрөгү каалаган иши менен алек болот. — Маек соңунда балалыгыңызга бир  кылчайып кетсеңиз? — Шамдагай, тыпылдаган тың кыз элем. Үй оокаттарына, сабагыма, бир туугандарымды караганга, баарына жетишчүүмүн.  Ата-энем бизди катуу тартипте кармашкан, бирок урушуп   же жазалаган эмес. Ата-энемдин бир гана талабы: үйгө келгенде кыргыз тилинде сүйлөө болчу. Себеби орус мектепте окуп, айланамдагылардын баары башка улуттун  өкүлдөрү болгондуктан, кыргызча суйлөгөндү билчү эмесмин. Бирок талапты аткаруу үчүн үйдөн тантырасам да эптеп кыргызча сүйлөчүмүн. Ата-энемдин аракети ушунчалык болгон экен, “айылдан кыргыз тилин үйрөнөт” деп каникул маалында дайыма айылга жиберишчү. Бирок мен кыргызча үйрөнбөй  эле айылдагы балдарга орусча үйрөтүп келчүмүн. БУЛАК: Леди. kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу