Зайырбек Ажыматов, акын: «Ак үйдүн алдына барып «түкүрүк баатыр» бололубу же түкүргөнгө болбойт деп оңололубу?

«Түкүрүк» маселесине токтолгон белгилүү акын, журналист Зайырбек Ажыматовдун пикирин окурмандарга сунуштайбыз.

—Ошондо эмне деп чечтиңиздер? Ак үйдүн алдына барып түкүрүп «Түкүрүк баатыр» бололубу же «Кыргызстанда түкүргөнгө болбойт! Кыргызстанда таштанды ыргытканга болбойт! Кыргызстан тазалыктын, бакыттын, сулуулуктун өлкөсү!», — деп айрыкча акыркы отуз жылда эбегейсиз кордолгон, зордолгон, түкүрүлгөн байкуш өлкөбүздүн кадыр-баркын, маанайын көтөрөлүбү?  Кокус баарыбыз «Түкүрүк баатыр» болуп кетсек эртең чыныгы баатырлар чыга калып «Сен менин мекениме түкүргүдөй кимсин?», — деп кокодон алса кантебиз? — дейт белгилүү акын Зайырбек Ажыматов.

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу