Жөө басууда төмөнкүлөрдү эске алыңыз!

Жөө басуу адамдын руханий жана физикалык жактан бекемдейт. Адистер тоодо жөө басуу акыркы учурда кайсы бир ооруларга пайдалуу экендигин айтып келет.

Жөө басканда эң алгач эле кийген кийимиңиздин сапатына жана жеген тамак-ашыңызга көңүл бөлүңүз. Мисалга, кийимдер аба өткөрүүчү жана тердөөгө тоскоол жаратпагандай болуусу шарт. Муну менен бирге сырты абадан коргой алган болгон дагы жакшы.

Суук абада жөө жүрүп, чуркап спорт менен машыгуу жүрөгү ооругандарга жана кан басымы жогору болгондорго абдан кооптуу. А бирок күнүнө жарым саат жөө басуу кан басымды бир калыпта кармоого жардам берет экен.

Жөө басууда бут кийимдин ыңгайлуу жана жумшактыгына көңүл бөлүңүз. Табият койнунда сейилдөөнү чечсеңиз күндөн коргоочу көз айнек жана кремдер сизге жардамга келет.

Ошондой эле, жөө басууга чыгаардын алдында жеңил туура тамактануу организмге пайдалуу. Жөө басуу учурунда токтоп дем алып, суудан ичип жана мөмө-жемиштерден жеп туруу алда канча чарчоону басат.

Өзгөчө бул учурда бир жериңизди кокустатып алуудан этият болуңуз. Аптасына жок дегенде төрт ирет жөө басууга чыгуу жүрөктүн иштөөсүн жакшыртып жана физикалык жактан чың болушуңузга жардам берет.

БУЛАК: zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу