«Жүрөгүмдү сага берем…» Марат Анжеликага болгон сүйүүсүн ачыктады…

Ырчы Анжелика интернет тармагындабы, эл оозундабы айтор  артынан тынымсыз ушактар ээрчип келет. Бир учурда Марат аттуу жеке ишкер менен болгон мамилесин  ачыктаган Анжелика, «Биздин ортобузда достук гана бар, жумуш тууралуу кызматташабыз, анын жубайы мени  жөнү жок жерден үй-бүлөсүнө аралаштырып жатат»-деп көп маегинде айтып чыккан.  Чамасы Анжеликаны Марат аттуулар катуу жакшы көрөт сыяктанат. Айтайын дегенибиз, ырчы айымдын инстаграм баракчасында Марат аттуу интернет колдонуучу өз сүйүүсүн арнап, төмөнкүчө жазып калтырган. «Анжелика мен сага сүйүүмдү арнайм.  Жүрөгүмдү берем…Жашоомду ээлеп алдың» -дейт ал. Бул билдирүүгө ырчы  жооп бере элек.  Чындыгында эркектер эле эмес, айымдар да Анжеликанын келбетине, кылган иш аракетине, сулуулугуна, акылана суктанбай койбойт.

БУЛАК: argument.kg

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу