Жүзүңдү аччы Гүлчөтай… Сурабалдиеванын канча жүзү бар?

Жогорку Кеңештин де­путаты Элвира Сурабалдиева акыркы күндөрү обу жок билдирүүлөрү менен коомчулукка жек көрүндү боло баштады. Ал тургай парламентте да жекеленип калганын эшиттик. Албетте, бүгүн а деп, эртеси бээ дей берсе кимге батат.

Кечээ Азаттыкка маек берип жатып, Атамбаевдин алты жыл башкаруусунда бир дагы жолу Бакиевди алып келүүгө аракет көрбөгөнүн Минск шаарынан билип кыжыры келгенин айтыптыр. Угуп алып жакабызды кармаганга аргасыз болдук. Бакиев бийлиги тушунда Сурабалдиеванын бизнеси гүлдөп- бүрдөп турганын кантип жашырууга болот. Ал гана эмес Бакиевдин колунан сыйлык алган жайы бар. Анткени анын атасын өлтүрдү деген шек менен Атамбаевдин мурдагы жансакчысы Эркин Мамбеталиев соттолуп жатканда, Сурабалдиева кошумча болуп бийликке жардам берип турбады беле. Анан эле Бакиев бийликтен кеткенден кийин дароо бийлик­ке ыктай калып, СДПКдан депутат болгону анын кубулма экенине ачык далил болуп жатпайбы. Эми түштөн кийин, Бакиевдин бийлигин жамандап, атасынын өлүмүнө күнөөлөп жатканын кандай түшүнсөк болот ыя? Эми болсо Сариевди бизесин тартып алууга айыптап жар салды. Буга коомчулук дагы ишенбей туру, «ит үрө берет, кербен жүрө берет» демекчи, дагы бир кезектеги жомогун токуп чыкты дешип. Себеби, ал учурда Сариев бирөөнүн бизнесине көз артмак тургай, керт башын канжыгага байлап Бакиев бийлигине негизги оппозиционер катары жүргөнү коомчулукка маалым.

Кыскасы, атамды өлтүрдү деген Бакиевден сыйлык алса, бүгүн Атамбаевди зекип, Бакиевди алып келген жок деп күнөөлөп жатканы кызык… Морал, ар-намыс деген барбы? Азыр беттери бет эмей эле батек болгондордун заманы болуп калды окшойт. Мынакей, бет тырмаар деп ушуну айт…

Булак: Чындык 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу