«Республика — Ата-Журт» фракциясынын мүчөсү Мирлан Жээнчороев «КТ Мобайл» боюнча депутаттык комиссиянын отурумунда «Мегакомдун» жетекчиси Акылбек Жамангуловдун Иманкадыр Рысалиев тууралуу айтканы боюнча кылмыш ишин козгоону башкы прокурордон талап кылды:
«Иманкадыр Рысалиевге коркутуу жана мамлекеттик бийликтин ыйгарым укуктарын өзүнө ыйгарып алганы боюнча иш козгоңуз», — деди Жээнчороев.
Парламентте “КТ Мобайл” чатагы боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын алгачкы жыйыны башталды. Ага “Кыргызтелеком”, “Мегаком”, “КТ Мобайлдын” жетекчилери катышууда.
БУЛАК: azattyk