Президент Сооронбай Жээнбеков айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашев менен экономика министри Олег Панкратовду кызматтарынан бошоткон эки Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу өлкө башчысынын маалымат кызматы билдирди.
Эскерте кетсек, 24-май күнү Мурашев менен Панкратов кызматтан кетүү боюнча премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин атына арыз жазып, себептерин түшүндүрүп беришкен.
Бир күндөн кийин эле «Бир Бол» фракциясы Мурашевдин ордуна 29 жаштагы фермер, ишкер Тилек Токтогазиевдин талапкерилигин сунуштады.
БУЛАК: sputnik.kg