Жээнбеков тажик президенти менен чек ара маселесин сүйлөштү

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков жаңы жыл алдында бир катар мамлекет башчылары менен телефон аркылуу сүйлөштү.

28-декабрда Сооронбай Жээнбеков тажик президенти Эмомали Рахмон менен телефон аркылуу сүйлөшүп, эки өлкө ортосундагы чек ара тилкелерин делимитациялоо жана демаркациялоо иштерин тездетүүнү талкуулашты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы маалымдады.

Буга чейин кыргыз президенти Орусиянын мамлекет башчысы Владимир Путин, өзбек президенти Шавкат Мирзиёев, казак президенти Нурсултан Назарбаев жана Түркмөнстандын өлкө башчысы Гурбангулы Бердымухамедов менен телефон аркылуу байланышып, эки тараптуу кызматташууну талкуулаган.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу